www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адольф Гитлер убагында эң көп киши чогулткан. Берлинде Гитлер чогулткан жерге келген кишилердин саны миллионго жетип, ушул күнгө чейин дүйнөдө анчалык адам чогула элек. Кыргызстанда  азыр мыкты саясатчылар 7, 20, ашып кетсе 100 киши араң чогултуп жатат. Бирок акыркы мезгилде «Азиямолл» супермаркети көп киши чогултуу боюнча рекорд коюп келатат. «Азиямолл» ачылганда эл-журт эбегейсиз көп болгон, анан Тимати да жыкжыйма адам чогулта алды. 17 адам бекер тамак талашып жаракат алып, 20дай бала ата-энесинен  адашып калганына карабастан. Бул жерде реклама күчтүү болгон жана да эл чогулганды сагынып калган. Эртең Өмүрбек Бабановдун чекесин бийлик черте турган болсо «Азиямолл» дагы толтура кишилерди жыйнай турган мүмкүнчүлүгү бар сымал.

Бүгүнкү күнү Бабанов келсе башын жулабыз деген кур дымактар көбөйдү, ансыз деле түндүктүн эли «сиркебиз суу көтөрө" албай турганда. Ансыз деле 2017-жылы анын башын баталгага коюп бергендер болгон. Ачыгын айтыш керек ал кезде Бабановго каршы «ушак-кампанияны» сүйүүчүлөрдөн элем. Бирок, «ушак-кампания» апогейине жеткенде, аттиң ушунчалык катуу ушакка кетишти деп, эрди бекем тиштенгем. Бизде баш көтөрсө эле баса алып тытып киришет. Өкмөттү 2011-2012 –жылдары жетектеген Өмүрбек Бабанов КМШдагы өкмөт башчыларынын ортосунда эң жашы жана келечектүүсү эле. Бабановдун жаштык демине, көтөрүп чыккан демилгесине, тартип менен тазалыкты  колго алган кайраттуулугуна, чечкиндүүлүгүнө карабастан ага бут тосуулар, тоскоолдуктар көбүрөөк орун алды. Орустар «мээ штурму» («мозговой штурм»), «идеянын генератору» деп коюшат, ушул сапаттын бары Бабановдо болгондуктан ал аянбастан эски көз караштагы типтерге каршы күрөш уюштуруп, мамлекетте реформаларды баштаган. Элдин жашоо деңгээдинин түшүп баратканын түшүнгөн Бабанов Банктан кандай жол менен элге берилүүчү карыздарын пайызын 7 пайызга түшүрүү керек деп алдыга максат койот. «Коопсуз шаар» программасын ишке киргизип, шаарыбызды гүлдөтүүнү ойлойт, ар кайсы коррупционер, бюрократтардын торуна чалынып, көз жашын куюлтуп буулугуп турган калкыбыздын «жеңилин жерден, оорун колдон алыш» үчүн, калайык-калктын турмуш-шартын жеңилдеткен реформаларды батынып жасоого багыт алган. Мындай оор олуттуу реформалар көптөгөн эски калдыктагы атаандаштарынын «чырагына май тамызды». Алар Бабановго  «кара пиар» сүйкөшүп, туш-тарапка жамандоо кампаниясын баштады. Ушундай оор кырдаалдарда Бабановго колдоо көрсөтө турган мамлекет башчысы алардын сөзүн угууга аргасыз болду. Жаңыдан реформа жасап келаткан Бабановдун келечегине балта чабылды. Ар кандай ушактар, анын айбат реформаларынын быты-чытын чыгарып, өзүн өкмөт башчысынан кетүүгө аргасыз кылды. Арийне, анын жасай турган реформалары, мыйзамдары кагаз жүзүндө калганы менен кийинки өкмөт башчылары үчүн даяр «шпаргалка»  болду. Ушул күнгө чейин «Коопсуз шаар» сыяктуу анын ойлоп тапкандарын жаңы өкмөт башчылары колдонууда.

 «Маңкурт» деген сөздү ай-ааламга Айтматов алып чыккан. Маңкурт - мээси тескери айланып калган көк мээ, ал ким ага кожоюн болуп, ага жугунду берсе, ошого гана шыйпаңдап калган жандык. Өз энесин да тааныбай, атып салат. Бүгүнкү биздин жазалоо органдарыбыз бүт маңкуртка айланган. Алар да ким бийликте туруп, аларга кожоюндук кылып, «жугунду» берсе ошонун сөзүн гана сүйлөшөт. Аларга Акаевби, Бакиевби, Атамбаевби же башкабы ким кожоюн болсо «жугундусун» ичип айтканын аткарат. Кожоюндуктан түшөр анын өзүнө тиш салышат. Ал маңкурттарга сенин кылмышың барбы, күнөөң барбы иши жок, жалаа жаап камашып, сенин алтындай болгон убактыңды темир торго байлап кожоюндарына карашып, ырсайып күлүп отурушат.

Өмүрбек Бабановго келели 2017-жылы Атамбаев - Жээнбековду колдоп, ага каршы иштегендер административдик ресурстарга басым жасаган. Шайлоо алдында Бабановго карата жалаа, ушак, айгактар көбөйүп, акыры ага кылмыш ишин козгошкон. а 2017-жылы жазында Кыргызстанда рейтинг боюнча күчтүү Бабанов болгон, президент Атамбаевден да ашып 30-40 пайызга жетип калган. Көпчүлүк эгер Атамбаев менен тил табышса президент Бабанов болот деп калышкан. Ошол үчүн Бабановго тиш кайраган атаандаштары жашыруун кутум жасашып, аны Атамбаевге жамандашып, Атамбаевди ага каршы бүлөгөн. 2017-жылдын 15-июлунда СДПКнын Курултайы болгуча Атамбаев мураскору тууралуу үн чыгарган эмес. Ушул Курултайда СДПКдан Сооронбай Жээнбеков башкы жалгыз талапкер болду, альтернатив менен келаткан спикер Чыныбай Турсунбеков калды. Атамбаев муну бекемдеш үчүн  Сочиге учуп барып Путинге жолугуп эмне айтканы билинип турат. Ошондо Сыяш Караман Путинден маек алганы бар. Путинден бата алганы, биринчиден орус каналдарынын көңүлү бурулду, экинчиден орус тилдүүлөрдү колго алды. Бабанов жөн калган жок, ал оюндан чыкпай булар менен тирешүүнү оң көрүп жалгыз Атамбаевге алы жетпесин билип Казакстанга таянды. Ушуну Атамбаев куп пайдаланды да Назарбаевге каршы сөз ыргытып, чек аралар жабылып, ортодо Бабановго каршы «кара пиар» апогейине жетип, түркүн ушактар, жалаалар айтыла баштады. Мунун бары жалаа экенин бир жыл өткөн соң экс-президент Атамбаев мойнуна алып шайлоочулардан кечирим сурады. Ал эми карапайым шайлоочулар ушак экенин ошондо эле түшүнгөн. Дебатта атайын чыр-чатак даярдалган.Төңкөрүш уюштурулган жатат деп шайлоочулардын башын айлантышып, Бабановдун аркасынан кылмыш иши ачылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости