www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев учурда оору менен соонун ортосунда жылып жүрөт. Батукаев деген чечен "вор" болгон.Кыргыз жигиттерин кордоп, кулактарын кесип ыргытып жиберчү дешет. Ошол кезде көзү өткөн Дед Хасандын ордуна алып барыш үчүн Рамзан Кадыров, Кремлдеги, Ак Ордодогу таасирлүү адамдар ортого түшкөн. Акыры Минздрав Динара Сагынбаева жалган справка берип, Салянова чыгарууга жолдомо берип, ГСИН ачендиги Зарылбек Рысь "Манас" аэропортуна чейин узатып келип "узатар аяк" алып калышкан дейт. Кызыгы эмне таштап кетти болду экен? "Ажыраш аягынан" кимдер ооз тийди экен?

Атамбаевдин «клоуну» алтынды алкымынан өткөзүп жүрүп, курсагы «курулдап» «безразмерный» чоңойгон Аида Салянова СДПКны «кидать» эткендей эле, “Ата Мекенге” да протест жасап курултайына барган эмес. Эми Салянова «жугундуну» каяктан ичет же жаңы президенттин ит аягына жакындап калганбы?

Мамлекеттик бийлик колунда турганда ал жийиркенген жалпы элди мындай койолу депутат, министр, губернаторлор жолугуудан ичиркенип турган  Алмазбек Шаршенович же эми гана катуу ойлоно баштаганбы: «Мен кадр маселесинен жаңылдым» -деп башын муштагылап жатат дейт. Ал мамлекет башында турганда ага атаандаш маалыматтардын Атамбаев кадр саясатынан жаңылып жатат деп кан-какшаганы кулагынын тышынан кетип, «ушак» деген символикалуу ат коюп койчу. Журналисттерди алардын ичинде КГБны ( Кыргыз Гезиттер Биримдигин) ушакчы катары көрчү. Деги ал мамлекет башына келгени сүйүктүү кадрлары кимдер:

  1. Икрам Илмиянов, президентке чейин Атамбаевдин машинасын айдоочу, ага президенттин машинасынын рулуна отуруу деле чоң сыймык болмок. Бирок ал мамлекеттин башкаруу рулуна отурган. Шопур кезинде бакса менен үй куруп жүргөн ал, үйдөн көзү катканбы хансарайлардан канчасы бар экенин ким билет, кыргызстандын жалтырап-жултураганын бүт өзүнө ыйгарып отуруп бекер келген дүнүйөдөн шефинен кийинки мулти –миллионерге айланган.
  2. Фарид Ниязов, Акаевдин оң колу болуп жүргөн Ниязов Атамбаев бийликке келер менен анын Илмияновдон кийинки иш чечээрине айланган. Маалымат айдыңы Фарид аканын таманында калган, кандай маалымат жүргүзгөнүн эл билет, билбегендерге  анын күйөө баласы Өмүрбек Сатаевге КТРК жана башка ММКлардын мойнуна минип, олчойгон айлык алып, бийликтин маалыматын тейлеп жүрчү. Анын канча таланттуу экенин ким билет, бүгүн бийликти тейлебесе да, айлык алганын улантып келатат.
  3. Албек Ибраимов, жердеш иниси, Атамбаевдин таразасын тартып жүргөн «рабочий» Албек Ибраимов отурбаган май-талкан жер калган жок. Бишкектин эркин экономикалык зонасын жайлады, «Дастан» заводунан гектарлаган жерди алып Кыргызстанда жок көз жоосун алган менчик президенттик резиденция куруп алсын деп шефине ыйгарды, «коррупция» деген сөздү «гарыбса» деп жазган билими менен президенттик аппаратты жетектеди, «Манас» аэропортун аңтарып, ага тойбой Бишкекке мэр болуп канын сорду.
  4. Койоналиев Турусбек, унчукпас жердеши Турусбек «балашкаларынан» айырмаланып жегенди жана шефине жедиргенди жакшы көрөт. Бийлик алмашкан 2010-жылдан бери козголбой Ак үйдүн Иш башкармалыгын жетектеп келатат. 2010-жылы революциядан талкаланган Ак үйдү оңдойм деп акча бөлдүртүп, шефи экөө канчасын талкалаганын ким билет.

Булар Атамбаевдин кадрларынан бир бүркүм эле, көпчүлүгү өз камын ойлогону үчүн камакта, камакка жата элек кээ бирөө жатууга талапкер.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости