www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын демилгеси менен 13-октябрда Астанада Кыргызстан, Тажикстан жана Орусия президенттеринин үч тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Президенттер эмне жөнүндө сүйлөшкөнү тууралуу толук маалымат жок, бирок Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Путиндин көзүнчө айтыша да кетти деген кабарлар бар.

Бир жарым жылдын ичинде Тажикстан Кыргызстанга эки жолу аскерий кол салуу жасады. Кээ бир эксперттер аны – жергиликтүү тажик бийлиги Рахмонго айтпай жасаган деп эсептейт, бирок ошончолук эле ишеним менен – орчундуу саясий же аскерий аракеттерди Рахмон өзү Москванын макулдугусуз жасай албайт десе болот. Эгер жергиликтүү бийлик бейбаштык кылган болсо, Рахмон Астанада башкача сүйлөмөк.

Астанадагы башка, кеңири жолугушууда Рахмон Путиндин өзүн жана Борбор Азиядагы Кремилдин саясатын катуу сынга алып, аны «куру сөз» жана «показуха» деп атады. Москванын өзүнүн макулдугусуз Рахмон Москвага каршы мынчалык катуу сөз айта албайт эле. Ошондуктан мунун баары – чыныгы себептерди жашыруу үчүн уюштурулган саясий оюнга өтө окшош.

Последние новости