www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бээжинде Си акебиз Блинкенди жарым саатка кабыл алды. АКШ уу-дуу болуп Кытай бизге кошулган атат, эми Орусияны жанчабыз деп мактанып жибергени менен президент Байден Сини диктатор деп. Ортодо Кайып Шери сыяктуу коомдук ишмерлер бала-бакырасын Орусиядан алып келип АКШка Мексика аркылуу жашыруун жөнөтө баштады. Мексиканы чек арасы менен АКШка кирген абдан кооптуу, АКШ жандармериясы сөзгө келбей атууга укугу бар. Бирок, АКШка кирип кетсе ал жакта элтеп документтерин түздөп оокат кылып кетиши ыктымал. Кайда барсаң «Мамайдын көрү» деп атпайбы, Орусияны которуп АКШка кетип жаткан замандаштарыбызга жакшылык каалайбыз.
Саяк десе тескери жатып алып ыйлаган саяк баатырынын тукуму Кайып Шер тууралуу жазсак. Ал айтып жатат Атамбаевдин түпкү аталары элдик баатыр Тайлакка уу сыйпап өлтүргөн деп. Ушул жерден айта кетчү нерсе аркалык кыргыздар кокон ханына түз баш ийишкен эмес. Айрыкча, саяк Тайлактын учурунда кокондун сарбаздарын көгөндөп, Коконун көздөй айдап жиберген. Тайлак баатырга алы жетпесин билген Кокон хандары муну айла менен өлтүрүүнү көздөйт. Белгилүү коомдук ишмер Кайып Шеринин айтуусунда Кокондон көзү көк кытайлык ашпозчу Шао-Маону Кыргызстанга жиберишип, Тайлактын чачын алымыш болуп, уу сыйпап өлтүрүүнү көздөшөт. Анын айткандары орундалып Тайлак баатыр өлтүрүлгөн. Уу сыйпап өлтүргөн кытайлык кул Шао-Мао эркиндик алат. Кийин анын тукумдары Кыргызстанга келип, ал эмес мамлекетти жетектеп калат. Тайлак баатырды өлтүргөнү үчүн жети тукумуна чейин каргышка калгандыктан президенттик мөөнөтү бүткөн соң камалган. Ага улам кылмыш иши козголуп, мына эми 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кайрадан кылмыш иши козголду.
Тайлак баатыр 1838-жылы 42 жашында Кокон хандыгынын тыңчылары тарабынан жиберилген дервиш кейиптүү көк көз тыңчынын уусунан көз жумган. Тарыхый материалдарда, көркөм чыгармаларда трагедиялуу бул окуя капыстан болгондуктан, элдин эсин эңгиретип, ал тургай эл башчылары да эмне болуп кеткендигин ошол замат түшүнбөй калган. Тянь-шандыктар чуру-чуу түшүп, кокуйлап калган учурда кесепеттүү дервиш эбак изин сууткан. Баатыр жан таслим болгондон кийин Нарын өрөөнүндөгү тоолук кыргыздар, тилекке каршы, кайрадан Кокон хандыгына баш ийүүгө аргасыз болгон.
Тайлак 18-кылымдын аягында Нарын аймагында төрөлгөн. Бир тууган Атантай менен Тайлак өз атасындай калыс бий жана чоң атасы Жанболот баатырдай, таятасы Пишбек баатырдай баатыр болуу үчүн кичинесинен өздөрүн ар тараптан өнүктүрүшкөн. Эр жеткенде Тайлак Суусамырдагы салгылашта Эдиге менен эрөөлгө чыгып, баатыр атала баштаган. Ошол эле убакта кокондуктардын кысымынан улам сүрүлүп, Илеге качкан Канай бийге, таякелери болгон солто уруусуна Тайлак баатыр жардамга баргандыгы да айтылат.
Болжол менен 19-кылымдын 10-20-жылдарында Кокон хандыгына каратылган Олуя-Атанын тегерегиндеги казактар кыргыз жерлерин талаша башташкан. Алардын бири болгон Эдиге Таласты чаап, Ѳтмѳктү ашып, Суусамырга келет. Тайлак батыр Акталаадагы басыз, чоро урууларынан кол жыйнап, Эдиге менен Суусамырдын Дубанкечүү деген жеринде беттешет. Башка вариант боюнча, бул жүрүштү чекирсаяк уруусунан Качыке уулу Эраалы баатыр уюштурган жана ага Тайлак баатыр жардам берген. Бул урушта Эдиге төрөгө каршы Тайлак баатыр жекеге чыгып, урушту салт боюнча бүтүрүшкөн. Эрөөлдө Эдиге эрежени бузганы үчүн аны Эраалы баатыр атып салгандыктан, ошол тарыхый жер "Эраалынын аткан жер, Эдигенин жаткан жер" деп аталган дешет.
Рыскул бийден кийин чоро уруусундагы бийликке келген Байбагыш бий 1820-жылы цин-манжуларга каршы Жахангир кожону колдоп, олуттуу саясий чечим кабыл алган. Анын кооптуу саясатынан көбү коркушса да, жигит курактагы Тайлак баатыр ага эң ишенимдүү жардамчы болгондугу үчүн кол башчылыкка дайындалган.
XIX кылымдын 20-жылдарында Тайлак баатыр жетектеген кыргыз уруулары Чыгыш Түркстандын иштерине да аралаша башташкан. Ушул мезгилдерде Кашкарды башкарып келген кожолордун укум-тукумдарынын Жааңгер кожо Кытай баскынчыларына каршы чечкиндүү аракеттерди баштаган. Бирок анын биринчи жортуулу ийгиликсиз аяктап, ал кыргыздар арасында баш калкалоого аргасыз болгон. 1820-жылы Кашкардан кыргыздар менен уйгурлар көтөрүлүш кылышып, ал эми сырттан Жахангир кожону колдогон кыргыз уруулары цин аскерлерине кол салышкан.
Жааңгир кожонун 1821-22-жылдардагы экинчи жүрүшүнө нарындык кыргыздар катышкан эмес. Бул жүрүшкө ичкилик кыргыздары катышып, Алай тоолорунан Кашкарга чабуул коюшкан, бирок ийгиликсиз кайтышкан. 1825-жылы кыргыздар кашкарлык качкындарга жана Жахангир кожого арнап, Нарын дарыясынын жээгинде Куртка чебинин курулушуна уруксат беришкен. Ошол эле жылы күзүндө Баян-Бату баштаган 200дөй же 500дөй цин аскерлери түндө Нарын аймагына кирип келип, Тайлак баатыр жашаган айылга кол салышкан. Кырдаалды дароо көзөмөлгө алган Тайлак баштаган кыргыз жоокерлери жылкыларды айылга айдап келип аралатып, башаламандыкта кытай жоокерлерин сүрүп чыгарууга жетишишкен. Качып жөнөгөн цин аскерлеринин артынан Нарын өрөөнүндөгү Тайлак, Чыбылдый баатырлар баштаган кыргыз жоокерлери жана Жахангир кожонун адамдары жетип барышып, душмандарды 3 күн курчоого алып, акырында кырып салышкан. Бул салгылашта Тайлак баатыр коңшу айылдардан шашылыш кол курап, душманды куугунтукка алып, Арпа менен Нарындын ортосундагы Ойнокжар капчыгайында камоого алып, алардын баарын кырып таштаган.
Жаш болсо да чоң эрдик көрсөткөн Тайлак баатырдын бул жеңиши орто-азиялыктарга зор дем-күч бергендиктен, ошондон баштап Кокон хандыгы да цин-манжулар менен ачык каршылашууга өткөн.
Кийинки жылы Жахангир кожонун жортуулунда негизги күч катары роль ойногон Тайлак баатыр баштаган кыргыздар Чыгыш Түркстандагы цин өкмөтүнүн бийлигин жоюп, кашкарлыктарга эгемендик алып беришкен. Бирок, Жахангир кожонун дөөлөтүнүн жашоосу кыска болуп, ал 2 жылдан кийин кытайларга туткунга түшкөн жана Бээжинден өлтүрүлгөн.
1830-жылы болсо, кыргыздар менен кокондуктар биргеликте Юсуф кожонун жортуулуна көмөк көрсөтүшөт. Бирок, мында да кожолор үчүн ийгилик болбогон соң, Тайлак баатыр кыргыз элинин мамлекетин негиздөөгө көңүл бура баштаган.
1830-жылы Цин империясы Орто Азияга жортуул уюштура тургандыгы алдына ала билинип калгандыктан, Тайлак баатыр дээрлик бардык кыргыз башчыларын курултайга чакырып, "Эки тизгин, бир чылбыр" деп аталган жалпы элдик аскер башчылык укукту колго алган. Ошондон кийин цин императору Тайлак баатырга "Чегара чагылганы" деген баа берип, жортуулунан баш тарткан. Тайлак баатыр кыргыз урууларын бириктирип, күчтүү кыргыз мамлекетин түптөгүсү келген.
1832-жылдан кийин көпчүлүк кыргыз бийлери Кокон хандыгына кошулууга ыктай башташканда, Эр Тайлак биринчи жолтоо болуп, ортодо тең салмактуу келишим түзүлүшүн талап кылган. Келишим бузулган учурларда Тайлак кокондук чептерге кол салып, алардын тынчын алуудан жалтанган эмес. Ошондуктан, кокондуктар жазалоочу аскерлерди Арап баатырга жетектетип, Эр Тайлакка каршы жиберишкен. Оозеки тарыхый булактарга караганда, Мадали хан Тайлак баатырды туткундоо үчүн Арап башында турган аскер (500 сарбаз) жиберген. Тайлак баатыр сарбаздарды Тогузтородогу Бычан жайлоосунда тосуп алып, салгылашта жеңип чыккан. Бирок, алар тескерисинче, Тайлактын жоокерлери тарабынан жазалангандан кийин, кокондуктар башка айла-амал ойлоп табышкан.
Бир канча жылдардан кийин адамдарды дарылап, табыпчылык менен алектенген кокондук тыңчы Эр Тайлактын ишеничине кирип, акыры бир күнү аны ууландырып, өлтүрүп кеткен. Тайлак баатыр 1838-жылы кокондук тыңчысы ууландырып ѳлтүргѳн. Андан кийин Кокон ханы жортуул жасап, Нарын кыргыздарын кайра каратып, Тайлак баатыр бузган кокондук Куртка сепилин калыбына келтирип, бийлигин чыңаган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg