www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров Германиянын ишкерлерин кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиянын экономика жана климатты коргоо боюнча федералдык министрлигинин статс-катчысы Удо Филипп башында турган Германиянын экономикалык делегациясы менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалым болгондой, жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы 30 жылдык дипломатиялык мамилелердин алкагында кыргыз-герман кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканы айтылды. Анда 2022-жылы эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу кыргыз-герман ишкер кеңеши түзүлгөнү, менеджментти даярдоо программасынын алкагында Кыргызстандын 350дөн ашуун ишкерлери Германиянын ишканаларында окутулганы, Германиянын Ханнс Зайдель фонду Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кадрларды даярдоодогу кошкон салымы сыяктуу бир катар аткарылган иштер белгиленип соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык тармактарда кеңири кызматташуу маселелери талкууланды. 

Акылбек Жапаров инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө сөз кылып жатып, Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу тармагында потенциалы жогору экендигин белгиледи. 

“Биз германиялык тарапты материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди алып келе турган гидроэлектростанцияларды жана күн электр станцияларын курууга катышуусун кароону сунуштайбыз. Учурда Кыргызстанда чакан ГЭСтер активдүү курулууда. Бул үчүн германиялык компанияларды Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырабыз”, - деди ал. 

Төрага ошондой эле айыл чарба тармагында кызматташууну жогорулатууга кызыкдар экенин кошумчалады. Муну менен ал Кыргызстан 6 200гө жакын товардык позицияны Европага нөлдүк тарифтик ставкалар менен экспорттоого укук берген преференциялардын жалпыланган системасы макамына ээ экенин кошумчалады. 

Өз кезегинде герман ишкерлери тоо туризми, энергетика, курулуш, логистика тармактарында инвестиция салууга кызыкдар экенин жана мамлекеттик кепилдиктер боюнча токтолушту. Бул багытта Акылбек Жапаров инвесторлор үчүн жакшы шарттарды түзүү максатында республиканын инвестициялык климатын жакшыртуу үчүн Кыргызстанда мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча тынымсыз процесс жүрүп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости