www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык ишкер жана Твиттердин ээси Илон Маск Meta'нын жетекчиси Марк Цукерберг менен капаска кирип, мушташууга даяр экенин билдирди. The Verge жазгандай, Фейсбук жана Instagram ээси мушташууга макул болду.
Июндун башында америкалык маалымат каражаттары Meta компаниясынын топ-менеджерлеринин бири Twitterдин болочок атаандашын кызматкерлерге тартуулаганын жазган. Бул Project 92 коддук аталышы менен иштелип жаткан Threads аттуу тиркеме. Ал профилдерди автоматтык түрдө толтуруу үчүн Instagram аккаунтунун системасын колдоно турганы белгилүү.
Бул тиркеме тууралуу сөз кылып жатып, Маск анын ишке киргизилиши Жердин бардык жашоочуларын Цукербергдин "таманына" киргизээрин айтты. Бул билдирүүгө колдонуучулардын бири жооп берип, Метанын жетекчиси жиу-житсу менен активдүү алектенээрин, андан коркуш керектигин эскертти.
"Мен капаста күрөшүүгө даярмын", - деп жазган Twitter ээси буга жооп кылып.
Цукербергдин жообу көп күттүргөн жок. Ал өзүнүн социалдык тармактарына Масктын комментарийинин скриншотун жарыялап, "Мага кайдан күрөшөбүз, ошону гана айтып кой" деп жазган. Маск эки сөз менен жооп берди: "Лас-Вегастагы октагон", кийинчерээк ал "морж" стратегиясын колдоно турганын кошумчалады - эч нерсе кылбай эле, жөн гана атаандашынын үстүнө жатып алат.
Булак: NazarNews.kg