www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул мыйзам долбоору Конституцияга каршы келет, деп билдирди депутат Элмурза Сатыбалдиев бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында президентти жана ЖКнын депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү кароо учурунда.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси — депутат Жеңишбек Токторбаев. Анда коррупция, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттолгон адам соттуулугу жоюлган-албаганына карабастан президент, Жогорку Кеңештин депутаты, төрага, министрлер кабинетинин мүчөсү боло албасын сунуштайт. .

"Кесиптештер, Конституцияны окуп көргүлө, бир кылмыш үчүн адам эки жолу жазага тартылбайт. Эгерде адам акталса, анда ал акталып чыгат. Мен мыйзам долбооруна каршымын", - деди Сатыбалдиев.

Анын айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, киши өлтүргөндөр, террористтер, мекенди саткандар депутат жана президент боло алышат. "Түшүндүңөрбү? Бул Конституцияга каршы келет, каршы добуш бергиле", - деди Сатыбалдиев кесиптештерине.

"Бул сиздин укугуңуз. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, эч кандай сын-пикирлер түшкөн жок. Элмурза Ракиевич өз керт башын ойлоп жатса керек. Добуш берүүгө койгула. Өтсө өтөт, өтпөсө өтпөйт. Мыйзам долбооруна каршы үгүт жүргүзүүгө укугуңуз жок. Сиз өзүңүз үчүн жооптуусуз. Өзүңүз соттолгон болсоңуз, коррупцияга шектелген болсоңуз, эмнеге депутаттарды көндүрүп жатасыз? Мындай кылбаңыз. Өзүңүз үчүн жооп бериңиз. Сиз ар бир адам үчүн жооптуусузбу?", — деди Токторбаев.

Сатыбалдиев добушка коюуну төрагалардан сурады.

Токторбаевдин мыйзам долбоорунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы төмөнкүдөй коррупциялык жана башка кылмыштар айтылат:

- коррупция (336-берене);

- кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу (337-берене);

- ыйгарым укуктарынан аша чабуу (338-берене);

- атайылап пайдасыз келишим түзүү (339-берене);

- мыйзамсыз баюу (340-берене);

- кызмат адамынын ишкердикке катышуусу (341-берене);

- пара алуу (342-берене);

- пара талап кылуу (343-берене);

- пара алууда ортомчулук (344-берене);

- пара берүү (345-берене);

- кызматтык жасалмачылык (346-берене);

- паспортту мыйзамсыз берүү (347-берене);

- шалаакылык (348-берене).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости