www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Назарбаевдин кызы Дарига жагынан күйөө баласы Рахат Алиевдин өлүмү Назарбаев менен байланыштуу. Рахаттан соң анын уулу Айсултан Назарбаев да наркоман болуп жүрүп көз жумду. Франция өлкөсү казакстандык качкын банкир жана оппозиционер, Алиевдин ишин улантуучу Мухтар Аблязовго башпаанек берүүдөн баш тартты. Соттун чечимине ылайык, Мухтар Аблязовдун жактоочусу Карим Бейлуни Франциянын Качкындарды жана жарандыгы жок адамдарды коргоо башкармалыгынын ага саясий качкын макамын берүүдөн баш тартуу чечимине каршы даттанган. Бул даттанууну Франция четке каккан.
Казакстанда Аблязов БТА Банктан 7 миллиард долларга жакын акчаны уурдаганы үчүн сыртынан 20 жылга эркинен ажыратылган, ал эми 2018-жылы банкир Ержан Татишевди өлтүрүүнү уюштурган деп өмүр бою эркинен ажыратылган. Аблязовго Орусия менен Украина да акча каражатын уурдаган деген шек менен издөө салган.
Аблязов менен тирешкендердин бири Динмухаммед Кунаевди жектеп келген Назарбаев болгон, ал 2017-жылы чек ара жаап алып кыргыздар тууралуу жаман сөздөрдү айткан. Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев башкаруу формасын өзгөртүүнү сунуштаган. Ал супер-президенттик башкаруу формасынан күчтүү парламенти бар президенттик республикага биротоло өтүү керектигин айткан. Анын алкагында өлкөнүн биринчи президентинин укуктук статусу, буга чейин ыйгарылган макамдарды алып салуу маселеси дагы каралат.Казакстанда Референдум 2022-жылдын 5-июнуна өткөн.
Казакстандын биринчи президентинин Елбасы макамын Конституциядан алып салуу идеясы боюнча Нурсултан Назарбаев өз пикирин билдирген: "Мен башкалар сыяктуу эле бардык нерсе мамлекеттин жана элибиздин кызыкчылыгында болушун каалайм. Элим жана өлкөм үчүн артымда жакшы нерселерди калтыруу мен үчүн өтө маанилүү. 2019-жылы элдин каршы болгонуна карабай өз эрким менен президенттик кызматтан кеттим. Анда мен эл колдоосунун туу чокусунда элем. Муну 2015-жылы өткөн президенттик шайлоодо 97,7 пайыз добушка ээ болгонум далилдейт", — деген биринчи президент.
Ал ошондой эле, отставкага кеткенге чейин эле Токаевдин ишин колдоп, ага президенттин ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенин эске салган.
"Бул жылдары анын өлкөбүздү реформалоо жана андан ары өнүктүрүү боюнча аракеттерин ар тараптан колдоп келдим. Бул жолу да колдойм", — деген Назарбаев.
Быйыл Казакстанга орусиялык мигранттардын агылып келиши 300миң адамга жетти. Казакстандын чек арасын 300 миң киши кесип өтүп, алардын 100 миңи иштөөгө уруксат сурап документ тапшырган. Бүгүнкү күндө компаниялары батирдин же мейманкананын акысын төлөөгө кудуреттүү "каймактар" келип жатат деп айтсак болот. Күзгө карата каражат табууну көздөгөн катардагы жарандар келе баштады. Азыр массалык агым жок. Келгендер негизинен Алматы шаарын тандап, IT, финансы, банк тармактарында иштегендер. Өткөн жылга салыштырмалуу өлкөгө келгендердин саны 30% көбөйдү. Бирок бул Орусиядан Казакстанга бир миллионго чейин киши келип турган пандемияга чейинки көрсөткүчтөн аз.
Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин санкциялар салынгандан бери бир топ чет өлкөлүк компаниялар орус рыногунан чыгып кеткен же ишмердигин убактылуу токтоткон. 24-февралдан бери жүз миңдеген киши башка өлкөлөргө чыгып кетти. Орусиянын эмгек жана социалдык коргоо министри Антон Котяков жумушсуздардын саны 3,1 миллион экенин, бирок мурдагыга салыштырмалуу "өспөгөнүн" билдирген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg