www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миң жылдар бою кыргыздын тагдыры найзанын учу, кылычтын мизи, билектин күчү жана тулпардын туягы менен чечилип келди. Бул тууралуу коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди.

- Ат адамдын канаты – дейт эмеспи кыргыз. Төлөк Төрөкан аксакал «Кыргыз Эл санжырасы» китебинде кеңири баяндайт: бабаларыбыз кантип жапайы жылкыларды кармап, кантип колго үйрөткөнүн. Бул да өзүнчө билим десе болобу?

- "Биздин доордон эки-үч миң жыл мурун башталып биздин доордун XV кылымына чейин дүйнө элдеринин карым-катнашы, чарба-соода байланышы, өнүгүүсү, согуш учурунда тагдыры негизинен жылкы жаныбарына түздөн-түз көзкаранды болуп келди.

Миң жылдар бою кыргыздын тагдыры найзанын учу, кылычтын мизи, билектин күчү жана тулпардын туягы менен чечилип келди. Баласын кыргыз “кулунум” деп эркелетет, ата керээзин “тулпардан калган туягым” – дейт. Бүгүн да кыргыз жылкынын 24 түсүн, туяктын 19 түрүн, 20 мүнөзүн, 8 жүрүшүн ажыратып билет. Маселен, кара туяк, үкү туяк, чара туяк, жамбы туяк ж.б., чалпоо, үркүнчөк, жоош, чобур, жатак ж.б., таскак, жамсак, күлүк, кой жорго ж.б., тулпар, буудан, дулдул, аргымак ж.б. – баарын кенен чечмелеп олтурсак 40 барак да жетпейт", - дейт Сарыгулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости