www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу райондук соту О.Жны адам өлтүрүү беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын арызын караган Ош облустук сотунун чечиминде көрсөтүлгөн.

Маалым болгондой, аталган адам өзүнүн шериги менен бирге Кара-Суу районундагы «Достук» постуна келип, таксистти унаанын жүргүнчүлөр отуруучу орундукка отургузуп, ал эми О.Ж. өзү рулга отурган.

«Жолдо О.Ж. шериги менен таксистти муунтуп өлтүргөн. Маркумдун уюлдук телефонун, 100 доллары жана 20 миң өзбек сумун уурдап кетишкен. Маркумдун сөөгүн көмүп салышкан», — деп айтылат соттун өкүмүндө.

Муну менен токтоп калбастан О.Ж. шериги менен бирге дагы бир таксистти өлтүрүп, анын ноутбугун, 5 миң сомун жана уюлдук телефонун уурдап кетишкен.

Сотто О.Ж. күнөөсүн мойнуна алып, кылган ишине өкүнгөн.

Ош облустук соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости