www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалынан кийин нидерланддык чабуулчу Воут Вегорстка карата орой сүйлөдү.

"Эмнени карап турасың, акылсыз? Бар, бул жерден кет, акылсыз", - деди Месси TyC Sport телеканалынын түз эфиринде. Дал ушул оюнчу менен жолугушуу учурунда Лионел ортосунда чыр чыккан.

Эске салсак, Бишкек убактысы боюнча 9-декабрдан 10-декабрга карган түнү Нидерланды менен Аргентина курама командаларынын ортосундагы Дүйнө чемпиондугунун 1/4 финалынын беттеши аяктады. Командалар Lusail Iconic стадионунда жолугушту. Негизги жана кошумча убакыт тең чыгуу менен аяктады – 2:2. Пенальтилер сериясында оюн Аргентина курама командасынын пайдасына 4:3 менен аяктады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости