www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

32

Түн ортосунан небак ооп кетти. Бейшенбектин бабасы  Дыйкан болуш көл кылаасынан өзү башкарган Кочкордогу Жоон –Арык болуштугуна келатат. Залкар тоолор менен алыскы мейкиндиктер алды жактан гана көрүнөт, арты менен эки жагынан аны керегедей туташкан калың чий курчаган. Чийлер анда –санда, эч себепсиз термелип, бири –бири менен шыбыраша калгандай сезилет. Төмөндө термелген чий баштарынын чачылары мөлтүрөгөн асман жээгинде калың өскөн жыгач бутактарындай болуп элестейт. Алды жакта, так таман астында Көл –Үкөктөн башталган Алкымдын кирген суусу күрпүлдөп агып жатат. Андан ары бети жыпжылма болуп жылган күрөң түстүү суунун агымы сайроондор менен жээктин туштарында чыбырланат. Ал эми андан ары карай  -суу да, жээк да, булут да –бары тең көзгө сайгыс көрүнгүс караңгы түнгө айланып кеткен.

Шамендин тың небереси Балбак жаш чагынан жашын чоңойтуп алып, бийликте болуш болуп турган атасы Байтеректен болуштукту алган. Болуштуктун “эки тизгин, бир чылбыры” колго тийген соң кыргыздын дөө-шааларына хан болуп жүргөн Шабдан баатырдын ордун көздөп, Ат-Башыдагы тууганы Чоконун Казысына барат. Бирок, Чоконун Казысы Шабдандын ордун алууга али жашсың деп каршы болуп койот. Ошол мезгилде топко чакырылган Балбак болуш Токмокко эртелеп келген экен. Балбак ак боз ат минип, жигиттери тегиз жээрде кашка минишип, шатыра-шатман келишет.Токмокко келишсе бир кеңсенин алдында Шабдан баатырдын аты байланып турат. Шабдандын ордуна көз артып жүргөн Балбак болуш жигиттерине буйрук берет: “Азыр Шабдан кеңседен чыкса, аны киши ордуна көрбөй, салам айтпагыла” –деп. Ушул сөздү күтүп тургандай аңгыча кеңседен Шабдан чыгып, өзүн көздөй келаткан Балбак болушту жигиттери менен көрүп, Шамендин ал-ахыбалын сурайын де, аларды бир-аз күтүп калат. Бирок, Балбак болуш Шабданды таанымаксан болуп, ага салам да айтпай, кочкорлук жигиттери менен саламдашпай өтүп кете берет. Шабдан баатыр Балбактын мындай жоругуна таң калган бойдон кала берет.

Жаш болуш болгон Балбактын жигиттери Шабданга салам айтпай өтүп кетишкенине маашырланышып, эрдемсинип калышат. Алар салам бербей өткөн жоруктарына кыйынсынып, ого бетер деңкейип, көтөрүлүп калышат. Шабдандын ордун мээлжеп жүргөн Балбак болуш да жерде баспай, көктө калкып жүргөндөй туюнат.

Түн оодарылып, дүйнөгө жарык нурун чачыратып дагы бир таң атат. Балбак болуштун жигиттери мейман болуп жаткан үйдүн дарбазасын бир атчан киши камчысы менен каккылайт. Үй ээси уйгур экен, каалганы ачып, эшиктин алдында маңдайында Шабдан баатырдын өзү турганын көрүп шашып, апкаарып калат. Шабданга бүгүлүп таазим этип сүрдөгөнүнөн сүрдүгүп жыгылып кала жаздайт. Ал кезде Балбак болуш жигиттери менен төшөктөн али тура элек экен. Шабдан баатыр: “Балбак баатыр ушу үйдөбү?” –деген добушту угуп, Балбак төшөктөн башын илең-салаң көтөрүп эшикке чыгат. Улук башын кичик кылып, ат үстүндөгү Шабдан  Балбакка биринчи салам айтат. Салт боюнча ат үстүндөгү адам жөөгө салам айтат. Балбак болсо мындай күтүлбөгөн саламга ыңгыранып араң алик алымыш болот. Шабдан Шамен карыянын акыбал-жайын сурайт. “Шамен баатырдын эсендигин сурайын деп атайын бастырып келдим эле. Эми баатырлар эс ала бергиле” –деп бастырып кетет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

 

Последние новости