www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сан-Паулу штатынын Барретос шаарында 17 жаштагы кыз Бразилия футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Хорватияга утулуп калгандан кийин куралдуу кагылышуунун курмандыгы болду, деп билдирет Wal порталы.

Маркум октон алган жаракатынан каза болгон. Анын курбусу өпкөсүнөн жаракат алган.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, күйөрмандардын ортосундагы мушташ оюн аяктагандан кийин дароо соода борборунда башталган. Көп өтпөй жаңжал массалык мушташка айланып, атышуу менен аяктаган.

9-декабрда Бразилия курама командасы чейрек финалдык беттеште Хорватияга утулуп калган. Негизги убакыт 0:0 эсеби менен аяктады. Кошумча убакытта командалар бирден гол киргизишти. Жыйынтыгында беттеш 2:4 эсебинде пенальтилер сериясы менен аяктады. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости