www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Португалияда 64 жаштагы киши кулагы ооруп жатканын айтып дарыгерлерге кайрылган. Дарыгерлер экспертиза жүргүзүп, анын кулак каналында жүздөгөн личинкалар бар экенин аныкташкан. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.
Медиктер кулакты тазалап, личинкаларды алып салышкан. Мите курттар адамдын кулак капкагын бузуп салышканы белгилүү болду.
Дарыгерлер бейтапка организмдин ткандарында жана көңдөйлөрүндө чымын личинкаларынан пайда болгон миаз деген диагноз коюшкан. Личинкалар чыккан жумурткаларды америкалык тропикалык чымындар таштаган. Личинкалар ткандардын ичине кирип, ээсинин – адамдын же жаныбардын эти менен азыктанаары белгиленет.
Адистердин биринчи кайрылуусунан бир жума өткөндөн кийин португалиялык жаран толугу менен айыгып кеткен.
Булак: NazarNews.kg