www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыр-чатак дегенде кырынан жата калган Текебаев ичим тап болуп турган убагы. Чыр дегенде жантыгынан жата калчу Текебаевдин желдети Али Токтакунов да көрүнбөйт. Кызыгы, Текебаев бүгүн Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп отурат. Кечээги кыйын кезде арка-жөлөк болуп келген партиялаштары, тилектештери камалып калышты. Тарых алдында жүрөктөгү акыйкаты буулуп, убактылуу тыныгуу алган кербези. Бир эсе жаш курактын келип калганы, алтымыштан ашканы ичтен тизгин тарттырып, токтотуп турса керек. Арийне, алтымыштан өтсө деле Текебаев жөн жатмак эмес. Турмуш үйрөтүп ал терең ойлонуп «жети өлчөп бир кесип» акылга салгандай. Тергөөнүн алкагында кандай “соодалашуулар” жүргөнү белгисиз, сыр катары айтылбайт эмеспи. А назилинде Текебаевдин унчукпай туруусу, кечээги досторун, кыйбастарын колдоого албай, саясатты козутпай тынч отурганы бийлик үчүн пайдалуу.

Германиядан Өмүрбек Текебаев учуп келип, партиялаштары, саясаттагы санаалаштары менен акылдашып, камалган үзөңгүлөштөрүн колдоо таризинде бир чечимге келишмек. Жыйын же кайрылуу кылышат беле? Ага жеткизбей ИИМдин тергөө башкармалыгы шашылыш суракка чакырып, көп пландарын бузуп койгон сыңарындай. “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев 2017-жылы Европадан мындайча айтканда Белизден учуп келгенде камакка алынган. Ошондо арбын тарапташтары колдоп чыгышкан эле. Алардын сап башындагы Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Канат Исаев, Жеңиш Молдокматов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова, Мамбетжунус Абылов, Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова сыяктуулар болгон. Текебаевдин «любимчиги» Рыскелди Момбековду таластык туугандары сактап калса, Сыймык Жапыкеев да аралаша жүрүп, шопурунун аркасы менен камакка түшпөй калган. Тагдырдын тамашасын карабайсыңбы, эмне үчүн Текебаев жалындуу сөзүн айтпай, жылуу -жумшак жамынып жатат? Же кырдаалдын ыңгайын күтүп атабы? Эгерде саясый санаалаштарына чындап күйсө, сатпаса, анда кызматын таштап туруп баса бермек да, туурабы? Элчилик креслону кармап калуу ушунча маанилүү беле? Баарынан да адамгерчилик, туруктуу мамиле маанилүү эмеспи. Мындан аркысын чечмелөөнүн кажети жок го. Кыйын кезеңде жакын адамдардын ички дүйнөсү бат эле ачыкталат тура.

Бери карап күлүп, ары карап ыйлагандай болуп, Өмүкенин соңку абалы чатак сымал.Бийлик менен кагылышса эмне болорун билет. Элчилик кызмат көздөн учуп, темир тор көрүнүп калышы ыктымал. Тек гана кала берсе, эртең эл эмне дейт? Кыскасы, Текебаев саясаттагы туңгуюк жолго кептелип калгандай. “Солго барсаң атың, оңго бассаң өзүң...” дегендей. 2021-жылы да урматтуу Чиркешович Германияга элчи болуп кетет деген ушактарга чекит коюп, шайлоонун шайтан жүрүштөрүн баштаган. 2021-жылы шайлоодон соң таламандын тал түшүндө Текебаевге чүйлүк жигит кол салып телефонун тартып кеткени бар. Андан да оозун канжалата койгонун карасаң. Деги жүрөгү тоо жигит экен, же Текебаевди «темселетип» атак алайын дегениби? Анда парламенттик шайлоодон өтпөй калып Текебаев Али Токтакунов менен катуу кыжырланып жатышса, анын телефонун тартып алганы чын. Чырдын башы Али Токтакунов чыр-чатак жок акчасы жок калды, Текебаев болсо Германияда...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости