www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Эльвира Сурабалдиева буга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган Чыңгыз Айдарбековду таба албай жатканын билдирди.

"Чыңгыз Айдарбеков эч жерде жок, таппай жатабыз. Кечээтен бери байланышка чыкпай жатат. УКМК азырынча комментарий бере элек", — деди ал.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Айдарбеков кесиптеши Эмил Жамгырчиев менен 26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү кыргыз-казак чек арасынын «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан токтотулган. Алар Казакстанга сөөк коюуга бара жатышкан.

Өткөрүү пунктунан аларды УКМКнын кызматкерлери тосуп алып, УКМКнын имаратына алар менен барууну суранышкан. Бир аздан кийин Жамгырчиев бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости