www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир учурда УКМКны КГБ деше турган. КГБ тууралуу шыбырашып гана сүйлөшө турган, кокус катуурак айтсаң балээге калчусуң. Кийин КГБ атын которуп Феликс Кулов, Мисир Ашыркулов, Кеңеш Дүйшөбаев, Абдил Сегизбаев, Мурат Суталинов, Камчыбек Ташиев, Бузурманкул Табалдиев бийликтин жакын адамдары, «доссекретарлар» бул жерди тейлешти. Феликс Кулов гана бул «кыгыбышниктердин» арасында «ак карга» болуп турду, себеби анын Акаев менен жакындыгы жок эле. Ал вице-президент сыяктуу № 2 кызматта турган соң,  аны бул жерден жоготуш үчүн бул кызматты жоюп салган. Куловду кызматынан төмөндөтүп УКМКга алып келген.

Учурунда КГБ республиканы ким жетектейт дегенге чейин кийлигише турган. Биз тарыхка кылчайып көрөлү. Жумабек Асанкулов бүгүнкү күнгө чейин бул системанын тарыхындагы эң узак 13 жыл мезгил башкарган жалгыз жетекчи боюнча да калууда. Ал республикалык коопсуздук органдарын башкарган алгачкы кыргыз болгон. Ага чейин УКМКны кыргыздар башкарышкан эмес. СССР мезгилинде Кыргызстандын атайын органдарын: Четвертаков В.Н. (1936-1937), Лоцманов И.П. (1937-1939), Абушенко С.Д. (1939-1941), Володин М.П. (1950-1954), Терещенко А.В. (1954-1956), Ермолов П.В. (1956-1961), Чвертко П.В.(1961-1967), Асанкулов Ж. (1967-1978, 1989-1991), Ломов Н.П.(1978-1985) жана П.П Рябокондор (1986-1988) башкарышкан. Кыргыз республикасынын мамлекеттик коопсуздук органдарынын тарыхын генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловсуз элестетүү мүмкүн эмес. Жумабек Асанкулов Кыргызстандын коопсуз өнүгүшүн камсыздап турган мамлекеттик түзүлүштү - Кыргыз ССРинын мамлекеттик коопсуздук комитетин узак жылдар ийгиликтүү башкарган жетекчи.

Мамлекеттик коопсуздук органдарынын иши көзгө анча байкалбаганы менен бүткүл мамлекеттик системанын стабилдүү абалын камсыздап турган жооптуу орган экени белгилүү. Мамлекеттик коопсуздук органдары - мамлекеттин жашоо-иштөө механизминин коопсуздугун камсыз кылган система. Ансыз мамлекет жашай да албайт. Демек көп мезгил аталган системаны жетектеген бул адамдын эмгегинин чен-өлчөмүнүн кандай экенин далилдештин кереги да жок. Алгачкылардан болуп СССР КГБсынын Жогорку мектебин бүтүргөн. Ал 1927 - жылдын 20 - февралында Кыргыз Республикасынын Чүй областынын Москва районунун Кепер-Арык айлында жарык дүйнөгө келген. 1946 - 1948 - жылдарда СССР КГБсынын Ташкент шаарындагы аймактык мектебинде билим алган. Андан кийин Кыргызстандын коопсуздук органдарында иштеген. 1969-1978-жылдарда Кыргыз ССР КГБсын башкарган. 1978-1989-жылдарда СССР КГБ институтунун (Москва) окуу борборунун атайын факультеттеринде жетекчи кызматтарда иштеген. Андан соң, 1989-1991-жылдарда кайрадан Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздук комитетин жетектеген Анын оперативдик кызматтагы чоң тажрыйбасы мамлекеттик коопсуздук органдарынын милдеттерин ийгиликтүү чечүүгө шарт түзгөн.

 Жетекчи катары ал адистердин тандалышына өтө жоопкер мамиле кылган, алардын адистик тажрыйбасын системалык түрдө жогорулатып турган. Коллективди башкаруунун методикасын мыкты билгендиктен коопсуздук органдарынын ишин туура багыттаган, тартипти катуу көзөмөлдөгөн, иштин көзүн таба билген. Чекисттик атайын орчундуу операцияларды уюштурууга, башкарууга жана өткөрүүгө жеке өзү катышкан. Жогоруда белгиленип өткөндөй, мамлекеттик коопсуздук органынын негизги милдети - өлкөнүн саясый-экономикалык стабилдүүлүгүнүн коопсуздугун эсепке албаган күндө да, андан башка чалгындоо жана контрчалгындоо ишмердүүлүгүн жүргүзүү эмеспи.

Ал мезгилде социалистик системанын таянычы болгон СССР державасы менен анын идеологиялык келишкис каршылашы капиталистик система ортосунда айыгышкан күрөш жүргөн. Мындай шартта СССР державасынын атайын кызматы болгон орган - КГБ органдарынын иши татаал жана таасирдүү болуп кала берген. Узак жылдарга созулган айыгышкан каршылаштык 1990-жылдарга чейин созулду. Тактап айтканда, 80-жылдардын башында СССРде саясий-экономикалык, социалдык кризистер башталды. Каршылаш системанын атайын кызматтары бир топ операцияларды иштеп чыгышты. СССРде "кайра куруу", "айкындуулук", "жаңыча ойлонуу", "эркин пикир алмашуу" жана демократиялаштыруу аталыштагы атайын программалар ишке киргизилди. Мындай процесстердин аркасында СССР мамлекетин талкалоо, коомдук аң-сезимди манипуляциялоо, массалык баш аламандыктар, улут аралык жаңжаалдар, сепаратистик процесстер турганын, акыр аягы мындай процесстер социалистик системаны, СССРды талкалаарын башы айландырылган коомчулук сезбей калган мезгилдер болгон. Ошентип дүйнөлүк тең салмактуулук системасы бузулуп, талкалагыч процесстер башталган. Бул эмнелерге алып барды? Жүз миңдеген бейкүнөө адамдардын өмүрүн алды. СССР аймагында - Алматы, Сумгаит, Фергана, Ош, Тоолуу Карабак, Тбилиси, Баку, Молдавия (Приднестровье), Прибалтика, Чеченстан, Абхазия, Осетиядагы окуялар менен коштолгон кыргындар болуп өттү. Союздук республикалардагы ар түркүн улуттарды кагылыштыруулар уюштурулду. Сепаратизм күч алып отурду, эркиндиктин желаргысы коомчулукта көз тумандатып, баш айландырган эйфорияны пайда кылды. Миллиондогон үй-бүлөлөр ар түркүн республикаларда бөлүнүп калды.

Союздук экономикалык байланыштардын талкаланышы менен жалпы аймактык экономикалык система талкаланды. Ири кризистер башталды. Жыйынтыгы моралдык-психологиялык кыйроолорго алып келди. Эркиндиктин баасы оңойго турган жок. Бүгүнкү күндөгү союздук республикалардагы болуп жаткан окуялар, Кыргызстандагы болуп жаткан окуялар, дүйнөлүк масштабдагы (анын ичинде Югославия, араб өлкөлөрү) болуп жаткан кыргындардын баасы канча? Баасы барбы деги? Бул карама-каршылык, дүйнөнү бөлүп-жаруу, өз бийлигин же таасирин орнотуу дүйнөнү кайда алып бара жатат. Бүткүл өмүрүн коопсуздук системасына арнаган, союздук атайын кызматтардын бирин жетектеген, советтик жогорку атайын окуу жайлардын биринде жетекчилик кылган, аскердик чалгындоо структурасын түзгөн, кадрлык чалгынчы, эң жогорку деңгээлдеги мамлекеттик сырларга тиешеси бар, дүйнөдөгү эң күчтүү атайын кызматтардын жетекчилеринин бири, стратегиялык ой жүгүртүүгө эгедер адам - генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов - дүйнө, социалистик система, СССР талкаланып жатканда өз жан-дүйнөсүнөн эмнелерди өткөрдү экен. Албетте, атайын кызматтын жетекчиси катары ал дүйнөлүк геосаясий процесстерге сынык, кооз түстүү айнек аркылуу караган эмес, жалган жана азгырма көз карашта болгон эмес. Жумабек Асанкулов бир республиканын атайын кызматынын жетекчиси катары - "колу таза, жүрөгү жалын, сергек ойлонгон" масштабдуу адам болгон. Мындай болгон күндө ал кооз сөздөрдүн азгырыгынын аркасында эмнелер турганын эң мыкты билген. Жан-дүйнөнү удургуткан кыялдарды, ашынган эмоцияларды ооздуктай билген бул адам дүйнөлүк системанын талкаланышы, СССРдын кыйрашы дүйнөгө кандай коркунучтарды алып келээрин жакшы билген. "Убакыт - эң мыкты сот" дешет. Бүгүнкү коомчулук, көптөгөн адамдар көз тумандатып, баш айландырган эйфориялык азгырыктан чыгып жатышат окшойт.

 Эсил кайран СССР келбес жайга кеткени менен КМШ, "ЕврАЗэс", "ОДКБ", "Бажы союзу" сыяктуу органдарды түзүү менен саясий-экономикалык байланыштарды калыбына келтирүүгө багытталган интеграциялык процесстер башталды. Бул турмуштук зарылдык. Узакка созулган оор жана жоопкерчиликтүү кызмат, мээ чыңалткан талкалоочу процестер Жумабек Асанкуловдун ден-соолугуна оор залалын тийгизбей койгон жок. Жетиштүү деңгээлде дарыланууга анын материалдык мүмкүнчүлүгү да жеткен жок. Эски коллегалары аны дарылантууга Москвага алып кетишти. Бирок кеч болуп калган. 2007-жылдын апрель айында ал көз жумду. Сөөгү Москва шаарына коюлду. Генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов өз мекенинин бейпилдигине өтө чоң кызмат өтөдү, кыргыз чекисттери бул легендарлуу жетекчисин "жолдош башкарма" деген сый-урмат, ызаат менен эскеришет. Ар бир өлкө өзүнүн мыкты азаматтары менен сыймыктанууга жана аларды унутпоого тийиш. "Көрүнбөс фронттун" даңазалуу бул жетекчисинин эмгектери тууралуу кептер али алдыда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости