www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым кыргыздын байлары Бабановго окшоп окшоп чет өлкөлөргө миллиондогон долларларга завод фабрика курбастан Кыргызстанга курса болмок. Мисалы Бабанов Москвага жакын эң баалуу цемент заводун курган. Кимде инвестор бар болсо же өзү инвестиция салам десе барып ушул курулушка катышкыла. Айрыкча, колунда каражаты бар өзүбүздүн атуулдарыбызга кайрылып кетет элем. Жер тилкеси кенен. Каражаттарыңарды чыгарып, бул долбоорго ишенимдүү катыша аласыздар. Эшиги ачык. Ким катышам десе кабыл алат.

«Кошелок» Бурканов кайсыл жер болсо да мурдун тыгып жүрө турган адат таап алды, аныкы жүйөлүү ал эми Рустам Жапаровдун кандай тиешеси бар. Маалыматта «Бакиевдердин мурдагы бизнес-өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар» аттуу иликтөөсү кызуу талкуланып жатат. Анда УКМК Аврора плюстагы кымбат баалуу мүлктүн мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып алынышы боюнча кылмыш иши козгогону айтылат. Буга байланыштуу бир топ адамдар, анын ичинде “СК-девелопмент” компаниясынын жетекчиси Алексей Конев бар экени белгиленген. Ушул компанияга, анын жетекчиси А. Коневге жана анын айланасындагы күмөндүү жагдайларга Президенттин баласы Рустам Жапаров, жакын адамы Арзыбек Буркановдун кандай байланышы бар экени тууралуу сөз болду. Бурканов дайыма ушундай чыр-чатакка мурдун тыгып жүрөт. Бул иликтөө менен кыскача таанышып көрөлү...

Конев деген камалгандан кийин элге белгилүү боло баштады. "Керемет банктан" 3 миллион доллардын тегерегинде кредит алып төкпөй кетип камалыптыр. "Керемет банк" мамлекеттик банк. Кредиттин баарын толук төктүрдү. Буркановдун көзөмөлүндөгү Аврора плюстагы Максим Бакиевдики делген 4 коттеджди, 33 квартиранын баарын мамлекетке өткөзүп алды. 2010-жылдан бери аттарын атабай эле коеюн үлкөн чиновниктер рейдерлик кылып ээлеп олтурушуптур. Азыр толугу менен мамлекеттин менчиги болуп калды. Ошентип иликтөөлөрдүн негизинде “СК-девелопмент” деген компаниясы Кош-Көл айылына гольф клуб салам деп 92 гектар жерди конкурстан утуп алыптыр. Ал жерди киши жиберип текшертсе тагдыры Жогорку Нарын ГЭС каскадынын тагдырын кайталаганы калыптыр. "Бисмилла" деп иш баштаганда эле курулуштун баасын 10 эсеге чейин жогору көрсөтүп кура башташкан экен. Дагы жакшы курулуш жаңы башталган экен. Эч нерсе салына элек. Жер түздөө иштери гана жүрүп жаткан. Дароо токтотуп калды. Эгер тим койсок бир эки имаратты бир миллион долларга салып туруп, курулушту токтотуп коюп 10 миллион долларга салдым, ким катышам десе же сатып алам десе 10 миллион бергиле деп олтура бермек. Ошентип ал жер да Жогорку Нарын каскад ГЭСиндей болуп биздин мамлекеттин мойнуна илинмек. Биз азыр ошол Нарын ГЭС боюнча 40 миллион доллардан ашык Орусияга бересебиз бар. Бул ГЭС курулган жок бирок берсебиз бар.сияга карызбыз. Эл аралык соттон утулганбыз.

Ушул сыяктуу 92 гектар Кош-Көлдүн жерин дагы уттуруп жиберип олтуруп калабызбы деп Рустам Жапаров барып, көзөмөлдөп жатат.. Курулуш аягына чыкканга чейин көзөмөлдөп, курулуштун баасын текшерип турат. “СК-девелопмент” курулушту аягына чыгара алмак эмес экен. Акчалары жок. РКФРдан кредит алабыз деп арыз беришкен экен. Алар баш тартып, беришпептир. Анткени тарыхы начар да. "Керемет банктан" насыя алып төкпөй кеткени бар. Азыр Рустам Жапаров инвесторлорду тартып жатат.Президенттин баласы деп ишенген үчүн келип атышса керек. Бир инвестор келип, иш баштагандары боюнча кабарлар бар.

Айрым кыргыздын байлары Бабановго окшоп окшоп чет өлкөлөргө миллиондогон долларларга завод фабрика курбастан Кыргызстанга курса болмок. Мисалы Бабанов Москвага жакын эң баалуу цемент заводун курган.. Кимде инвестор бар болсо же өзү инвестиция салам десе барып ушул курулушка катышкыла. Айрыкча, колунда каражаты бар өзүбүздүн атуулдарыбызга кайрылып кетет элем. Жер тилкеси кенен. Каражаттарыңарды чыгарып, бул долбоорго ишенимдүү катыша аласыздар. Эшиги ачык. Ким катышам десе кабыл алат.

Мамлекет инвесторлордун салымы менен гана өнүгөт. Мында ички инвесторлор дагы биз үчүн маанилүү. Биз 30 жылдан бери чукулашып олтурганда кошуна өлкөлөр космоско учуп атышат. Биз велосипед чыгара албай олтурабыз. Азыркы  максат кантип кыска убакта кошуналарды кууп жетебиз деген план менен бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости