www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Миллиарддарды чайнап жуткан Бөлтүрүккө өкмөт тараптан ким көмөк көрсөтүп турган. Бул жерде финансы министри Бакетаевдин жүзү суйкайып көрүнүп турат.“Кумтөр Голд Компанинин” тышкы менеджери катары Теңиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдингинен айына 45 миң доллар маяна алып турган. Бул Каржы министри Алмаз Бакетаев бекиткен айлык. Андан сырткары Кумтөрдөн айына дагы 55 миң доллар алып турган. Ошентип, Бөлтүрүк айына 100 миң доллар алган.

Эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп, 2021-жылдын августунда Тенгиз Бөлтүрүктүн “Кумтөр Голд Компанидеги" бир айлык акысынын өлчөмүн 40 миң долларга өзгөрткөнү, ошол эле учурда убактылуу жетекчинин айлык акыны жогорулатуу чечимине эч кандай далилдүү документтер жок. 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февраль айына чейин “Теңиз Бөлтүрүк” ишканасынын сыйакысынын жалпы суммасы 473,2 миң долларды түзгөн. 2021-жылдын 21-декабрында “Теңиз Бөлтүрүк” өзүнө 55 миң доллар өлчөмүндө сый акы коюп берген.

Документтерге ылайык “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан тышкары Теңиз Бөлтүрүктүн “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” ААК Улуттук холдинг компаниясында айлыгы айына 45 миң доллар экени белгилүү болду.

Кыргызстандын каржы министри менен “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Тенгиз Бөлтүрүк Аяпберген уулу 2021-жылдын 21-декабрынан тартып 5 жылдык мөөнөткө айына 45 миң доллар маяна менен эмгек келишимин түзүшкөн.

Башкармалыктын төрагасы Тенгиз Бөлтүрүк каржылык жылдын жыйынтыгы боюнча үстөк акыга, башка социалдык жеңилдиктерге жана кепилдиктерге, ошондой эле эмгек келишиминде жана коомдун жергиликтүү актыларында каралган башка төлөмдөргө укуктуу.

https://data.kaktus.media/image/big/2023-08-09_14-13-07_278984_w.jpg

https://data.kaktus.media/image/big/2023-08-09_14-13-08_287690_w.jpg

Эң консервативдүү эсептөөлөр боюнча, Теңиз Бөлтүрүк Аяпберген уулу 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын сентябрына чейин 600 миң доллар тапкан.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинети “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдингин бюджеттен каржылоо тууралуу маалымат берген. Алсак, Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан бери холдинг 3,4 миллиард сомго капиталдаштырылды. Бул каражаттар бюджетке кайтарылып, 700 миллиону холдингге калтырыла турганын билдирди. 680 миллион сом бюджетке салык, кен чыккан жерлерге лицензия үчүн төлөмдөр, Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы милдеттенмелерди аткаруу түрүндө кайтарылышы керек болчу. Болжол менен 20-30 миллион холдингдин кызматкерлерге эмгек акысын төлөө, имараттарды ижарага алуу жана башка чыгымдарга жумшалат.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын сентябрь айында Теңиз Бөлтүрүккө бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

“Бул сумманын 10 миллион сомун Теңиз Бөлтүрүк өзү төлөгөн. 2023-жылдын 27-апрелинде Тогузбаев Чыңгыз Турсунбекович төлөгөн, бирок ал ким экени белгисиз”, - деп айтылат маалыматта.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

Последние новости