www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду эки айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу чечими чыкты. Өкүмдү Биринчи май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу тарапташы Замирбек Шамшидин уулу билдирди.

А.Мадумаровду ден-соолугуна байланыштуу камакта кармоого болбойт. Кант диабети менен ооруйт жана ошондой эле журөгүндө кардио стимулятор аппараты коюлган. Ал ар дайым таза аба жана активдүү кыймылда жүрүүгө мажбур, - дейт Замирбек Шамшидин уулу.

Эске салсак, Башкы прокуратуранын Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду жоопко тартуу үчүн тергөө жүргүзүүгө уруксаат берүү сунушун парламент каникулга чыгаар алдында колдоп берген.  

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууну сунуштап, Жогорку Кеңеш аны колдоп берген.

Последние новости