www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Тампон", «Ефрейтор», «Бульдозер», «Уйкудагы сулуу», "Шарлатан"...

"Тампон"

Каныбек Туманбаев

Кыргыз саясатында көрүнүктүү орду, салмагы бар Каныбек Туманбаевге карата, кайсы бийлик болсун эбин таап кирип кеткени үчүн "Тампон" деген кличка ыйгарылганы сөз болуп жүрөт. Бул учурунда Илмияновдун шопуру болуп жүрүп,анын бизнесине аралашып Атамбаевдин заманында көтөрүлгөн. Жээнбековдун заманында анын партиясына кирип утуп чыккан. Бүгүн Иш Башкармасынын жетекчиси.

«Ефрейтор»

Бекболотов Бактыбек

Мурунку замандарда Куралдуу күчтөрдү полковниктер эле тейлеп койчу. Азыркы генералдар толгон заманда «телохранитель» да генерал деген наамды ала коюп Коргоо министрлигин башкара турган болду. Өзүнүн дарамети «Ефрейтордой» болсо да «катардагы» «жансакчылар» эмес «Ефрейторлор» Коргоо министрлигине министр болуп тейлеп жаткан убак.

"Бульдозер"

Азимбек Бекназаров

Азыркы кезде Кемпир-Абад чуусуна байланыштуу мыйзамсыз камакта отурган Азимбек Бекназаров "Бульдозер" деген атка ээ. Мындай каймана ат ага беттегенин бербеген өжөрлүгү, Кыргызстанда орун алган 2005-2010-жылкы революциянын бирден-бир күч берген таянычы болгондуктан ыйгарылган.

«Уйкудагы сулуу»

Баатырова Гүлнара

Этияттанбай эл аралык этиканын нормасынан өтүп, Ысык-Көлдүн ысык даамын татып чоңойгону үчүн туалетке барса да Садыр акесинен уруксат сурап, ат тезегин кургатпай жылаңайлак каттап, Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медициналык борборду башкарып жүрүп, БШКга секирип өз тааныштарына акча берүү фондусуна айланткан, Саламаттыкты сактоо министри болгон Баатырова Гүлнарага «Уйкудагы сулуу» аты коюлган.

"Шарлатан"

Даир Кенекеев

Кезинде бир топ үлкөн кызматтарды аркалап, (Мүлк министри, Талас облусунун губернатору, Вице-премьер-министр, "Учкун" ишканасынын директору) бирок ишинен майнап чыгара албаган, ортозаар чиновниктердин катарын толуктаган Даир Кенекеев деген аткаминер бар. Даир мырзаны жакындан билгендер "Шарлатан" деп тамашалайт экен. Ага анын "көзү ачык, дубакөй кемпирлер" менен ынак экени, сын айткан же пикири келишпей калгандарды "кара дуба" окуттуруп салам деп коркута берген жосунсуз жоругу себеп болгон дешет...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости