www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Тергөө комитети Томск облусунун тургунуна козголгон кылмыш ишин тергөөнү аяктады.
Ал Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүмү (Өзгөчө мыкаачылык менен, жалпы коркунучтуу түрдө жасалган адам өлтүрүү) боюнча айыпталууда.
Айыптоочу тараптын айтымында, 1995-жылдын октябрь айында Кыргыз ССРинин тургуну Томск шаарынын Усть-Киргизка көчөсүндө убактылуу жашаган тургуну менен уруша кеткен. Аял аны кууп чыккысы келгендиктен алар уруша кетишкен. Жаңжал учурунда аялга күйүүчү суюктук чачып, өрттөп, андан соң качып кеткен. Аял алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон.
Шектүү ошол учурда 25 жашта болчу.
Кылмыштын бетин Россия Федерациясынын Криминалистикалык иликтөө комитетинин башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана жергиликтүү милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери аныкташкан.
Иштин материалдары сотко жөнөтүлдү.
Булак: NazarNews.kg