www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда коррупциялык схеманы мыйзамдашты десек жарашат. Буга мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирип, элдин ырыскысына кол салган коррупционерлердин "кусту" деген мыйзамда жок түшүнүк менен абактан бошотулуп, үй камагына чыгып кеткен адаттын калыптанышы ачык мисал болот.
Мына канча чиновниктер коррупцияга айыпталып камалышты. Алды 10 күндө, арты 6 айга жетпей эле абактан бошоп кетип жатышат. Миллиард жеген, миллион төлөп, миллион жеген бир нече миң төлөп кутулуп кетишүүдө.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "мындан ары коррупционерлер үй камагына чыкпайт, үй мүлктөрү мамлекетке өтүп, өздөрү абакта отурат" деди эле. Бирок, айтылган кооз сөздөр иштин жыйынтыгы эки ача чыгып, берген убадасы суу кечпей калды.
Коррупцияга шектелип камалгандар биринин артынан бири түрмөдөн чыгып, көп жесең кутуласың, аз жесең абакта отурасың деген түшүнүк өкүм сүрүүдө.
Мына "Мегаком" ишканасынын мурдагы директору Азат Базаркулов 6 миллион сом төлөп үй камагына чыгарылды. Буга чейин,бир миллиард сом зыян келтиргени айтылып камалган Туризмди өнүктүрүү фондунун экс-жетекчиси Елена Калашникова
"мамлекеттик бюджетке 12 миллион сом төлөдү" деп абактан бошогон.
Эми мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян алып келгени айтылып, коррупцияга айыпталып камалган экс-министр Динара Кутманова дагы арзыбаган айып пул төлөдү делип түрмөдөн чыкса таң калбаш керек.
Булак: NazarNews.kg