www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Калк кадырлаган Кадыралиевдер

 Кадыр-баркын  спорт жакта топтогон.

Кайсы бийлик болсо дагы тоотпогон.

Панкратиондон багындырып мыктысын,

Чемпиондук алып барып араң токтогон.

 

Кебин таптап «кек» мылтыктай октогон,

Кектин барын бир өзүнө топтогон.

Канча адам келсе дагы федерацияга,

Дзю-дого жетип барып токтогон.

 

Алкымдары бузуктарды ыйлаткан,

Ак үй жакка уйку бербей кыйналткан.

Чемпионго болсо дагы кандидат

Аргасыздан өзүн дайым сыйлаткан.

 

Кыргыз эли башты ийип сүйөлүк,

Кыргыз эли муну эстей жүрөлүк.

ЖК тарап алмашса да канча ирет,

Бир Санжарды унутпайлы түбөлүк!


«Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт» - дегендей Ыргал айча ыргалып, жаштарга дем болуп, сынынан кете элек. Бʏгʏнкʏ кʏнгѳ чейин дʏйнѳлʏк саясатчылар да, дʏйнѳлʏк маанидеги маселелерди талкуулоодо Ыргал Кадыралиеванын пикирин баалап жʏрʏшкѳнʏ бекеринен эмес. Саясатты мамлекет башчысы жалгыз жаратпайт. Саясатты айланчыктап бир партиялаш жʏргѳн «алкымдуулар» менен бирге «мозгилер» да жасашат. Бийлик монстрларына моюн толгоп, моментин таап сʏйлѳп, мончого тʏшкѳндѳй тердеткен Ыргал Кадыралиеванын даанышман сѳздѳрʏ бар, ал кѳкүрѳгүн эли, журналисттер үчүн тосуп берип, ѳзүнүн фракциялаштар алдында журналисттерге каршы мыйзамды сындап чыккан. Ал үлгү алган жана да үлгү алып келатат. Кыргыз элинин бычакка саптуу уулу, «айрандай аппак» аурасы менен, калкынын башына каран тʏн, кара кѳлѳкѳ тʏшкѳндѳ калкып чыга калган Санжар Кадыралиев, ал үчүн терең үлгү. 

Санжар Кадыралиев үчүнчү парламентте догурунбай эле, элди ѳзʏнѳ чогултуп, «атан-тѳѳдѳй» парламентке талапкерлерге чоӊ чабуулду баштап бергенин тарых билет. Бакиевдик бийликтин сѳзʏн укпай, кенедейинен кемчилигин бетине айткан Санжар мырза, бийлик этегин ачса, эт бетинен кетип жѳргѳлѳп кирип кеткен жок.Чынын айтсак Санжар Кадыралиевдин чыпалагына татыбаган саясатчылар , бийлик кѳз кысып койсо сайгактаган бойдон кирип кетишет. Ал эми Санжар мырза жеӊил саясатчылардан эмес, «оор габариттʏʏ» инсан болгон! Анын саясий масштабы Кыргызстан менен бʏтпѳйт. Дʏйнѳлʏк деӊгээлдеги, Борбордук Азиядагы саясатчылар Санжар Кадыралиевдин этегине келип намаз окуп кетишер эле. Жириновскийге окшогон жини барлар этегин ѳѳп буркурап ыйлап ийсе, Салимбаев, Утемуратов сыяктуу дʏйнѳлʏк саясаттын «дѳѳ-шаалары» депутат Кадыралиевдин кѳз-карашы менен эсептешип келген. Анын эл-журттагы кадыр-баркы Бакиевдин «Ак –Жол» партиясын кошкондон жогору болсо, Атамбаевдин КСДП эмес, БЭКти кошкондо теӊ тайлашып турган. 
Бакиевдик бийлик 2006-жылдагы парламенттик депутат Санжар Кадыралиевдин аброюунан коркуп, административдик ресурс менен Кадыралиевге болуп кѳрбѳгѳндѳй бут тосууларды жасаганы белгилʏʏ. Санжар мырза чыйт тʏкʏрʏп басып кеткен, ошондо Курманбек Салиевич, Медет Чоканович сыяктуу алптар анын бутунан бекем жармашкан. Ал сѳзʏнѳ абдан бекем жигит болгон, ошондуктан ага чоӊ саясатчылар магниттей жабышып келген. Арийне, бекем болом деп жʏрʏп акыркы мезгилде элге жагымдуу сѳздѳрʏнѳ бекем кулпу салып баратканы чындык. Балким «Ачыла элек сандыкта,бычыла элек кундуз бар» - дегендей кептин кебин иргеп, келе турган кʏрѳштѳргѳ кʏчʏн сактап жатты беле? Себеби, себеленген октон кийин келген Бакиевдик бийликке элдин купулу толгон эмес. Баягы эле акаевчил «жугундукорлор» бийликти селдей каптап келаткан. Бийликке «аурасы» таза, Санжар Кадыралиевге окшогон жаӊы кан керек эле. Жарыла албай турган ириӊдей турганыбызда, жалындуу сѳздѳрʏ менен жарк этип качан чыга калат деп, Санжар Кадыралиевди тарапты жал-жал карап турчубуз. Санжар мырзанын кѳзүн таламандын-тал түшүндѳ, ѳзү пикири менен каршы чыгып тургандар жайлап кетти.

Ыргал Кадыралиева агасы жете албай калган бийиктикти багынтуу үчүн, парламенттик шайлоого аттанып түштү. Ал мурун Санжар Кадыралиевдин кѳзүн тазалагандар менен талбай кʏрѳшүп келген. Ыргал айча социал-демократтардын бийликке келиши үчүн тынымсыз эмгек кылган. Ал эми шайланып келген соң парламентке активдʏʏ катышып,эл үчүн тиешелүү мыйзамдарды жазып, кѳп эмгек сиӊирди. СДПК фракциясы алдыны кѳрѳ билип эӊ тажырыйбалуу, саясий интригага аралашпаган Ыргал Кадыралиевага мыйзамдарды иреттүү жазып келатканына ишенич артып келди. Ыргал Кадыралиева саясий интригаларга аралашпай, эӊ таза иштеп, Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылып, эл тилеп келген мыйзамдарды жазып, жүзѳгѳ ашырып келатат. Ал учурунда парламентте Санжар Кадыралиев тилеп келген максаттарды ишке ашырып келатат. Анын эл үчүн иштеп келгендиги эл кѳзүнѳ кѳрүндү. Азыркы мезгилде Ыргал Кадыралиева кѳптѳгѳн депутаттардын арасында эл кадырлаган бийик саясатчы. Ал Санжар Кадыралиев кѳз ачып жумгуча жеткен кадыр баркка жетти. Биз, бүгүн «Калк кадырлаган Кадыралиевдер» деген тарыхий-хроникалдуу китептин барактарын ачканы турабыз. Албетте, кыргызга таанымал акын Калмамат Турдубаев Байдылда акынга гана байланып жата бербей, Санжар Кадыралиев дегенде олутту ойлонрун ортого салмакчы. Бул абдан жакшы кѳрүнүш! Чындыгы, калк кадырлаган Кадыралиевдерди жараткан бул үй-бүлѳгѳ, кыргыз эли ыраазычылыгын билдирет!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости