www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кана Исаев деген «деловой» жигит бар.  Бала болуп башына жүн чыкканы тополоңдун үстүндө келе жатат. Тополоң менен Токмокко мэр болгон. Кыргыздын жерин аябай долларга казактарга кармата берип, аябай чоң тоюнуп алган. Мунусу билинип калып кылмыш иши козголуп, араңдап жүрүп кутулган. Бийлик алмашкан соң Токмоктон дубалдан секире качып, элден кутулган. Элден кутулганы менен Бабанов деген алкы бузукка кошулуп «Республика» партиясын түзүп, парламентке өткөн соң фракцияны жетелеп калат. «Көк бөрү» федерациясын жетектеп Бабанов менен биригип анын ордун  казактын «Көкпарына» алып беришет. Бабанов «өл» десе асынчу сыйыртмак издеген Кана Исаев 2017-жылы Бабановду колдоп кайрадан тополоң уюштурууга камына баштайт. Кана Исаевдин мындай тежик ойлорун сезип калган бийлик алдын алып муну камап тынышат. Кана Исаев 2017-жылдагы президенттик шайлоо алдында «бийликти басып алууга» шектелип кармалып, дээрлик бир жылдан кийин камактан чыккан. Ал кезде Кана Исаевге президент болгусу келип жүргөн Бабанов «камсыздандырып», камакта жатканы менен «валюталарды» кучак-кучак алып турган.

Токмоктук Кана Исаев ошол жактык Бакыт Жетигенов менен “ит жебеген бокту” жеп жүрүшөт. Токмоктуктар өлсө сөөгү Токмокко коюлат. Негизи Бакыт Жетигенов татыктуу жигит  бирөөнө “торпедо” болбой жашап, элге жагып жүрөт. “Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” нечен ирет көпөс катары сонун жумуштарга барган Исаев эмес.  “Үйүм, үйүм дебегеин, үйүң  токой чырпыгы, малым, малым дебегин, малың токой чымчыгы” деген кеп бар. Элге гана ишенимдүү кызмат кылыш керек. Токмокто эки баатыр көп жыл катуу кармашты, “ит жыгылыш” болушту. Бирде бири утту, экинчиси күчтөнүп келип кайра утту. Экөөнүн конкуренциясы ортодон далай эр азаматтарды тарбиялап чыкты. “Шумкар уядан эмнени көрсө кийин ошону алат” дегендей, мыкты жигиттерди өстүрүштү. Жетигенов медалдын бери жагы  болсо, Исаев экинчи желмогуздай бети болду. Ал медал Токмок элинин медалы. Бакыт Жетигенов жаңыдан Ош шаарына мэр болду, даңгыр жол бийик дөөлөт, бактылуу карылыкка жетишин кааласа болот. Эзели душманынын астында калбасын. Ош жери илгертен өсө турган жер, алдыга кетүүгө трамплин болсун. Азыр Кыргызстан ак ниет, чынчыл духу күчтүү патриотторго суусап турганда Бакыт Жетигенов  керек. “Куур тондун ичинде, куурасын жигит өлбөсүн, тери тондун ичинде тердесин жигит өлбөсүн” дегендей  Бакыт Жетигеновго  бүгүлбөс тизе, бекем ден соолук тилейли. Канжарды катуу курчутуш учун эң көп жолу чабат экен, ошо канжардай курч болсун. Өлөр өлгүчө аттан түшпөсүн.

Саясаттын жаратылышы ушундай экен турмуш, бийлик, түрмө. Кудайым көтөрө ала турган адамына сыноо берет экен. Эч ким кошпосо деле өзү жабышып, кечээ эле казактарга Токмокто мэр болгондо жер сатып жүргөн Кана Исаев, эми өзбектерге жер кетти деп буркурап боздоп кирген. Муну кежигеден алып көнгөн камагына алып барган. Кана Исаев 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. УКМК Биринчи май райондук сотуна келтирген өтүнүч боюнча Исаевдин 2018-жылдын 1-октябрындагы эч жакка кетпөө түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал 23-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Андан кийин анын камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кана Исаев камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, соттук отурум 5-декабрда өтүп, шаардык сот райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Ага ылайык Кана Исаев 23-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости