www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Моңголиянын борбор калаасы Улан-Батор шаарындагы нааразычылык акцияларынын жүрүшүндө полициянын 13 кызматкери ар кандай жаракаттарды алышты. «Ikon» Полиция башкармалыгына шилтеме берип жарыялаган маалымат боюнча, полиция кызматкерлеринин биринин мурду сынган.

Акция учурунда өкмөттүн имаратынын эшик-терезелери талкаланып, тосмосу да бузулган. Ошол аймактагы автоунааларга да кол салуу болгону айтылды.

Моңголиянын жарандары 1,8 млрд долларлык көмүр чиновниктер тарабынан уурдалганы тууралуу маалыматтар тарагандан кийин көтөрүлгөн. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, Моңголиядан Кытайга чыгарылган деп көрсөтүлгөн көмүрдүн көлөмү менен Кытайга расмий берилген көмүрдүн көлөмүндө чоң айырма бар.

Нааразычылыктарга байланыштуу Улан-Батордо 2 күн мурун өзгөчө кырдаалдар режими да жарыяланган болчу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости