www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясына лидер Бактыбек Сыдыков болгон. Бул дүйнөдөн кетсе да Үсөн акенин желаргысы. Бийликти мактаганда «ооздугу жок кеткен» «атажурчулар» да бар. Булар Атамбаевдин заманында аны мактаса ооздорунан көк түтүн чыгарышчу. Көк ала койдой союлуп Жапаров жатканда калп болсо да каткырышып Атакесин карап кол чаап турушчу. Андан соң Жээнбековго жылт коюшту, жымыңдап, жылтылдап турушту. Эми Жапаровго ооп аны кудайга жеткиришип, атагы таш жарган ыйык адамдарга теңеп турушат. Жапаров кызматынан оой турган болсо бул «хамалеондор» тезинен өзгөрүлөт.

Ооба, Токторбаев үчүн ким белгилүү, ким белгисиз экени билбейм. Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Канат Исаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Жеңиш Молдокматов, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков сыяктуулар деле эл оозуна алынып белгилүү болуп калгандарын танбасак.

Ошондуктан азыр айтылган Токторбаевдин сөздөрүн бузбай жарбай келтирели. «Камалган саясатчыларды белгилүү деп айта албайм» -дейт Жекең. Мындай пикирин депутат Жеңишбек Токторбаев 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген:

"Кесиптештер белгилүү саясатчылар менен журналисттерди массалык түрдө кармоолор болуп жатканын айтышты. Камалган саясатчылар алар "дежурный саясатчылар", бийлик саясатчылары. Эгер бийлик берсе бийликти мактайт, бийликтен кетсе бийликти жамандайт. Мына буларды биз "дежурный саясатчы", обончу саясатчы дейбиз. Мен кыргызга аттын кашкасындай белгилүү саясатчыларды билем. Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Накен Касиев, Медеткан Шеримкулов, Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевичтерди билем. Мынакей ушуларды белгилүү саясатчылар десе болот.

Кечээ мурдагы президент Алмаз Шаршенович камалган аялдарды, жаш балдарды чыгаруу керек, деп интервью берди. Мен ал кишинин айткандарына кошулбайм. Ал кишинин мезгилинде деле аттуу-баштуу саясатчылар камалган. Текебаев, Жапаров, Ташиев, Мамытов камалган. Андан башка белгилүү журналисттер деле камалган. Андыктан буга калыс карасак", - деди депутат.

10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү (жалпы 19 миң 699 гектар) Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилерин билдирген. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Эми документке эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. 

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган. Бул ортодо Кемпир-Абад суу сактагынын айланасындагы маселе боюнча 20-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кызматтан алынды.

Ал эми 23-октябрда Кемпир-Абаддын айланасындагы чууга байланыштуу 22 адам кармалган. 22 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган. Ал эми, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эрлан Бекчороев, Айданбек Акматов, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Азимбек Бекназаров, Айбек Бузурманкулов, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Чыңгыз Капар, Али Шабдан уулу, Талант Эшалиев, Кубанычбек Кадыров 48 саатка камакка алынышты.

Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети 22-октябрда түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров Кабар агенттигине берген маегинде, Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости