www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Т.Сатылганов атындагы улуттук филармония “гүленчилердин” уюгуна айланып, Түркияда террористтердин уюму катары эсептелген бул уюмга кирүүнү каалабаган артисттердин көбү иштен өз арызы менен кетип жатыптыр. Алардын анабашы Аалы Туткучев менен Жеңишбек Жумакадыр экен. Бул эки төкмө басса-турса “альхамдулиллах” деп калганы ошондон тура.

Илгерки Токтогул, Барпы, Тоголок Молдо, Калыктар элди жактап, жеп-ичкен кожо, молдолорду сай-сөөгүнө жеткире сындап ырдачу эле. Азыркы төкмөлөр болсо филармониянын төрүнө отуруп алып, кожо, молдолордун саясатын жүргүзүп, динди элге кеңири жайылтуу максатын көздөп ырдап калышыптыр. Анда филармонияны маданият министрлигинен чыгарып, муфтияттын карамагына өткөрүп бериш керекпи?

Ошол жерде узун этек, дамбалчандардын идеологиясын жүргүзүшсүн (!) дегендей. Ушундай саясат болуп атпайбы. Болбосо Аалы Туткучев менен Жеңишбек Жумакадыр жаагын жанып, мамлекеттин эсебинен жан багып, “гүленчилердин” саясатын жүргүзүп, колтугуна кирип алганы эмнеси?

Булак: Азия News гезити

Последние новости