www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Кантип «повар» министрге жеткен?

Энергетика министри Ибраев: "Баарына жөндөмдүү кыйынмын. Тамакты укмуш жасайм. Кийим тигем",- деп маек берип, өзүн мактап түгөтө албай жүрөт. Кыргыз өзүн мактагандан түңүл дечү беле? Популист, пиарщик аткаминерден кантип арылабыз? Дегенибиз, чечилбей жаткан көйгөй көп, анан кыйраткан эч иши жок, асманды сүйлөп мактанып, мурдун балта кеспей басып жүргөндөр күйгүзчү болду. 

Буга Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин кылыгы ачык мисал десек жарашат. Мына учурда Токтогулда суу жок, Бишкек жылуулук электр борборуна бир тоголок көмүр түшө элек. Свет азыртадан эле оңдоп-түзөөгө байланыштуу делип, 3-4 сааттан өчүрүлүп жатат. Кышында ар төрт саатта бир өчүрүлүп, бир суткада 12 саат электр жарыгы жок калаарыбыз күтүлүүдө. 

Курулай пиар менен алектенип отурбай, кыйын болсо баары колунан келсе, эртең кычыраган кышта элдин жарыгын өчүрбөй, суукка тоңдурбай кантип маселени чечем деп баш оорутпайбы? Кышында эл кыйналса, социалдык нааразычылыктар орун алса, дал ушул Ибраевди биринчи камаш керек.

Ширшовду жандап, элди ойлобогон «свет»  министри Ибраев кыргызды тезек терүүгө жетелеп баратат. Мурунку замандарда электрди өчүрсө да график менен «саат баланчадан түкүнчөгө чейин» өчүрө турган. Эмичи, эми мурдун балтайтып Таалайбек Ибраев келгени электрчилер өз билгенин билип чартаңбай тебе баштады. Алар каалаган убакта, каалаганга чейин «светти» өчүрүп коюп атышат. Бөтөнчө кышкы чилдеде эң ызгаар убакта караңгы кирер замат «светти» өчүрүп коюшуп, мектеп окуучуларына, мугалимдерге сабакка даярдануусуна абдан тоскоолдук кылып атышат. Ибраевге эмне «светти» өчүрүп коюп Алексей Ширшов менен колтукташып  ресторандарда жүрөт.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Алексей Ширшов бирге бара жатканда тартылган сүрөт интернет булактарына тараган. Буга байланыштуу суроого энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов Бишкекте уюштурулган маалымат жыйында жооп берген.: «Менимче, бул эски сүрөт болсо керек. Тамашалап айтсам, сүрөттө министр кийип турган пальтону ал министрликте иштеп баштагандан бери көрө элекмин», - деген ал кошоматтанып. Ширшов менен колтукташып өлкөнү жара чайнаганы келгендердин бири кочкорлук Таалайбек Ибраев. Азырынча күпүлдөп эле атат «Ширшовдун схемалары» менен качан чалынар экен? Бирок Жапаров үкасы акесин Бишкектен алыс айдамак болуптур. Энергетика министрлиги Жалал-Абад шаарына көчүп, «Электр станциялары» компаниясы Каракөл шаарына көчөт. 3 млрд кВт.саат тартыштыкты импортттун эсебинен жабат. Кызык бизде электрэнергиядан башка эмнебиз бар, буларды сырттан алып турсак тамтыгыбыз калабы?

Быйылкы жылы энергетикалык тармактарга  12,5 млрд сом бөлүнсө эми 15,5 млрд сом бөлүндү, алардын ичинде 9,5 млрд сом жылуулукту сатып алууга жумшалат. Камбар-Ата ГЭС-1 ге даярдык көрүү үчүн  1.6 млрд сом бөлүнөт. Токтогул ГЭСинин 4 агрегаты узарып отуруп кышында араң бүтөт, муну жайга чейин бүтүрүшмөк. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы деңгээлден  1,5 млрд кубометр өйдө болду. Кыргыз элинде керектөө 2022 жылы  16 млрд кВт.саатты түзөт,  3 млрд кВт.саат тартыштыкты жоюу үчүн Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан электрэнергияны сатып алабыз.

Өткөн парламенттик жыйында депутат энергетика министри кызматына талапкер Таалайбек Ибраевге “Сиз Алексей Ширшов менен иштешкенсизби?” деген суроо узаткан. Ал эми Таалайбек Ибраев суроого төмөндөгүдөй манечыркоо менен жооп кайтарды. “Алексей Ширшов менен иштешкем”, — деп кербездене жооп узатты Ибраев.

Энергетика министрлигинин жаңы башчысынын жетекчилигиндеги "Ширшовдун схемалары"барбы? Жакында энергетика министри болуп Таалайбек Ибраев дайындалган. Буга чейин ал энергетика министринин орун басары болуп иштеген. Ал өзүнүн акыркы постунда өзүн айырмалоо үчүн аз нерсе кылса да, анын рекорду алда канча "кызыктуу". Кыргызстан анын дайындалышынан жакшылык күтпөшү керек. Алексей Ширшов энергетика тармагындагы жетекчи кызматтарга өздөрүнүн жакын санаалаштарын коюп, дайындашкан. Алардын арасында Таалайбек Ибраев да бар. Ал бир нече олуттуу энергетикалык чатактары менен эсте калды. Ошентип 2010-жылдын 5-февралында «Түндүк электр» ААКнын мамлекеттик үлүшүн сатып алуу боюнча тендерди «Чакан ГЭС» ААК утуп алган. Таалайбек Ибраев «Түндүк электр» ААКны сатууга материалдарды даярдоого активдүү катышкан. Жемиштүү иши үчүн Алексей ага энергетикалык ишканаларды сатуу жана сатып алуу милдетин коюшкан.

2010-жылдын 18-августунда «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК жаңы кубаттуулуктагы трансформаторлордун ордуна мурда колдонулуп келгендерди жогорулатылган баада сатып алган. Текшерүү фактыны аныктоого жардам берди. Ал ААКнын жетекчилеринин – башкы директордун орун басары Ибраевдин тендердик комиссиялардын мүчөлөрү менен тил табышуусунун бетин ачкан. Акционердик коомдун эки жетекчиси тең атактуу Алексей Ширшовдун командасынын энергетика маселелери боюнча куратору болгон. Алардын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын энергетикалык ишканаларына 108 миллион сомдон ашык зыян келтирген.

Жыйынтыгында азыркы министрдин кыскача баяндамасына бир-эки жаңы кылмыш иши кошулду.

Бирок эң негизгиси, азыр “Ширшовдун схемаларын” жакшы билген, аны мурда ишке ашырып келген чиновник Кыргызстандын энергетика тармагынын башына келди.

Ширшовдор кетти деп ойлодуңуз беле? Жок, алар жөн эле күчтөнүп баратышат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости