www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Никита Александрович Гончаров аттуу жаранга идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

12-июлда Фейсбук социалдык тармагында Никита Александрович Гончаровдун УКМК төрагасынын атына улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуусу жарыяланган.

Үй-бүлөлүк оор шарттарга ылайык жети жашында апасы ооруп калганына байланыштуу каза болуп калган. Кийинки жылдары атасынын колунда чоңоюп, зарыл болгон алгачкы документтеринин жоктугунан Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун ала алган эмес.

Ал 3 жыл бою конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн ар кайсы ведомстволорго кайрылып жүргөн.
Улуттук коопсуздук органдары тарабынан өздүгүн аныктоо жана архивдик материалдарды чогултуу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөн.

26-июлда Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштердин алкагында Гончаров Никита Александровичке Кыргыз Республикасынын идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости