www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жерде Бабановдун, Жумалиевдин жана Нышановдун жыты жыттанып турат. «Хан Садыр» буга макул болоорун бир кудай билет. Бабанов ким президент болсо оңко-тоңкосунан кетип, даңазалыгысы келет. Бийликтен кетер менен, бир күн да күтпөй Айдар Акаев сыяктуу байланыштан кол үзүп, кийинки президентке оойт. Дагы бир экс-премьер Кубанычбек Жумалиев АШАга Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун атын беребиз деп дикилдеген. Ал кызматтан кетери менен ага кол шилтеп кийинки президентти мактоого өткөн. Экс-депутат Сайдулло Нышановдун тикелей-тике сунушу менен Атамбаевге «Кыргыз Эл Баатыры» наамы ыйгарылган.Кимдер «Кыргыз Эл Баатыры» болгонун аңдап көрөлү...

Президенттерден бул наамга ээ болгон Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретарларынан ИСХАК РАЗЗАКОВ, ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВ, АБСАМАТ МАСАЛИЕВ, өкмөт башчыларынан Ибраимов Султан, спикерлерден Төрөбай Кулатов, Таштанбек Акматов, Медеткан Шеримкулов, министрлерден Күлүйпа Кондучалова менен Алиясбек Алымкулов, УКМК жетекчисинен Камчыбек Ташиев.

Космонавттардан: САЛИЖАН ШАРИПОВ, акын, жазуучулардан: ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ, ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ, СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ, СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ, ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ, БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВ. Артист, кинорежиссерлордон: САБИРА КҮМҮШАЛИЕВА, ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ, Шамшиев Болот, манасчылардан ЖУСУП МАМАЙ, айкелчилерден: ТУРГУНБАЙ САДЫКОВ, композиторлордон: АСАНКАН ЖУМАКМАТОВ, дарыгерлерден: МАМБЕТ МАМАКЕЕВ , ЭРНИС АКРАМОВ, МИТАЛИП МАМЫТОВ жана башкалар бар. Ансыз деле "Кыргыз Республикасынын Баатыры" Атамбаев камактан бошонду, бул наам ага жардам бербегенден кийин эмне? Аны кайынагасы Бельянинов Москвага дарылатайын деп аракет кылды эле эч майнап чыкпай турат.

Атка минерлер бул наамды көбүрөөк алгандыктан «Кыргыз эл Баатырын» алганы, эмки кезек меники турбайбы деп, Ак үйдү карап элеңдеп, кулак түрүп сак-сактап калгандар көбөйдү. Жүз миңдеген адамга иш таап берип, дагы канчалаган адамдардан бата алып жүргөн Аскар Салымбеков бул наамга татыктуу болуп турса да, улам артка жылдырылып жатканы күлкүнү келтирет. Анткени, күлкүнү келтирген адамдар «Кыргыз эл Баатырын» алып жатышат. Чындыгында, Акаевдин убагында «Кыргыз эл Баатырын» алгандар Курманбек Арыков менен Акбаралы Кабаевди кимдер билет, мейли тааныгандар таанышсын, бирок «Кыргыз эл Баатырын» алыш үчүн алар эмне эмгек сиңирди эле? Мүмкүн президент Акаевдин жакын туугандары болсо керек, бирок президенттер бизде байпактай алмашып турат эмеспи.

Ал эми Роза Исаковна да бир чоң жаңылыштык кетирген. Мейли жазуучу, драматург катары Бексултан Жакиев «Кыргыз эл Баатырын» алганга эмгек сиңирсе сиңиргендир. Анткени Түгөлбай Сыдыкбеков (1912—1997), Чыңгыз Айтматов (1928—2008), Сүйүнбай Эралиев (1921—2016), Сооронбай Жусуев (1925—2016), Төлөгөн Касымбеков (1931—2011) сыяктуу жазуучу,акындар «Кыргыз эл Баатырын» алышкан. Отунбаеванын көчөдө жүргөн Алиясбек Алымкуловго «Кыргыз эл Баатырын» жана министрлик кызматты бергени көпчүлүктү таң калтырат. Себеби Алиясбек мырза жүздөгөн «Апрель баатырын» алган көптүн бири болгон. Ага деле ушул «калай» «Кыргыз эл Баатыры» жок эле жетиштүү болмок.

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку даражадагы наамынын жобосу 1996-жылдын 10-июлда Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен бекитилген.

Кыргыз Эл баатырлары кимдер?
1. ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ – жазуучу. Түгөлбай Сыдыкбеков — ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон Кыргыз эл жазуучусу, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры. Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Ал поэтикалык чеберчиликке керектүү мазмун менен форманын биримдигине "Радио жаңы айылда", "Окуу", "Ажал менен алышканда", "Жүрөгүм энем", "Ленинди чалдар айтышат" сыяктуу ырларында жетише алган.
Түгөлбай Сыдыкбеков — ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон Кыргыз эл жазуучусу, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры. Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Ал поэтикалык чеберчиликке керектүү мазмун менен форманын биримдигине "Радио жаңы айылда", "Окуу", "Ажал менен алышканда", "Жүрөгүм энем", "Ленинди чалдар айтышат" сыяктуу ырларында жетише алган.
2. ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ – жазуучу. Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.Анын чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары боюнча тартылган кинофильмдер Эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болгон.
Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.Анын чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары боюнча тартылган кинофильмдер Эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болгон.
3.ТУРГУНБАЙ САДЫКОВ – скульптор. Кыргызстан, анын ичинен өзгөчө Бишкек шаарындагы айкелдер, скульптуралардын бир тобу, бүтүн бир ансамблдер Садыковдун колунан чыккан. Ал Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы "Манас" баатырдын скульптуралык ансамблинин, кыргыздын чыгаан кызы Уркуя Салиевага арналып Бишкек шаарынын чок ортосунан орун алган "Революциянын каармандарына" деп аталган монументтин автору. Садыков ошондой эле бир нече жыл "Ала-Тоо" аянтында туруп, кийин алынып салынган "Эркиндик" статуясын, "Эл куту" монументалдык эстелигин жана бир катар эмгектерди жасаган.
Кыргызстан, анын ичинен өзгөчө Бишкек шаарындагы айкелдер, скульптуралардын бир тобу, бүтүн бир ансамблдер Садыковдун колунан чыккан. Ал Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы "Манас" баатырдын скульптуралык ансамблинин, кыргыздын чыгаан кызы Уркуя Салиевага арналып Бишкек шаарынын чок ортосунан орун алган "Революциянын каармандарына" деп аталган монументтин автору. Садыков ошондой эле бир нече жыл "Ала-Тоо" аянтында туруп, кийин алынып салынган "Эркиндик" статуясын, "Эл куту" монументалдык эстелигин жана бир катар эмгектерди жасаган.
4. САЛИЖАН ШАРИПОВ – космонавт. Кыргызстандын алгачкы космонавты, Кыргызстан менен Россиянын баатыры Салижан Шарипов 1964-жылы 24-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. Учурда Россиянын Жылдыздуу шаарчасында жашайт. Юрий Гагарин атындагы учкучтарды даяроо борборунун биринчи башкармалыгынын жетекчиси. 2012-жылы "Россия сыймыктанган мусулмандар" даректүү тасмасына тартылган. Футбол ойноп, китеп окуганды жактырат.
Кыргызстандын алгачкы космонавты, Кыргызстан менен Россиянын баатыры Салижан Шарипов 1964-жылы 24-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. Учурда Россиянын Жылдыздуу шаарчасында жашайт. Юрий Гагарин атындагы учкучтарды даяроо борборунун биринчи башкармалыгынын жетекчиси. 2012-жылы "Россия сыймыктанган мусулмандар" даректүү тасмасына тартылган. Футбол ойноп, китеп окуганды жактырат.
5. ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВ - партиялык жана мамлекеттик ишмер. Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчысы кызматын 24 жыл, 5 ай, 24 күн аркалаган Усубалиев Советтер Союзунда эң узак бийликте турган жетекчи катары тарыхта белгилүү.
Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчысы кызматын 24 жыл, 5 ай, 24 күн аркалаган Усубалиев Советтер Союзунда эң узак бийликте турган жетекчи катары тарыхта белгилүү.
6. САБИРА КҮМҮШАЛИЕВА – актриса. Күмүшалиева 70 жылдан ашык театр, кинодо эмгектенген. Бул мезгил аралыгында100дөн ашык түрдүү образдарды жараткан. Алардын арасында кайгылуу, күлкүлүү оң жана терс образдар бар. Узак убакыт бою Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдырындагы" Оңолкандын ролун ойногон. Андан сырткары, "Уркуя", " Ак кеме", "Бакайдын жайыты", "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" жана " Кызыл алма" өңдү көптөгөн фильмдерде тартылган. Эң кызыгы элүү жашында 14 жаштагы Кычан Жакыповду ойногон.
Күмүшалиева 70 жылдан ашык театр, кинодо эмгектенген. Бул мезгил аралыгында100дөн ашык түрдүү образдарды жараткан. Алардын арасында кайгылуу, күлкүлүү оң жана терс образдар бар. Узак убакыт бою Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдырындагы" Оңолкандын ролун ойногон. Андан сырткары, "Уркуя", " Ак кеме", "Бакайдын жайыты", "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" жана " Кызыл алма" өңдү көптөгөн фильмдерде тартылган. Эң кызыгы элүү жашында 14 жаштагы Кычан Жакыповду ойногон.
7. АСАНКАН ЖУМАКМАТОВ - композитор, дирижер. Дирижер Асанкан Жумакматов дүйнөлүк, орус, кыргыз классикасынан 50гө чукул опера жана балеттин музыкасын оркестирлештирген. 1970-жылдан бери Кыргыз телерадиокомпаниясынын Академиялык симфониялык оркестрине көркөм жетекчи жана башкы дирижер болуп иштеп келген. Эл баатыры наамын 2003-жылы 23-январда алган.
Дирижер Асанкан Жумакматов дүйнөлүк, орус, кыргыз классикасынан 50гө чукул опера жана балеттин музыкасын оркестирлештирген. 1970-жылдан бери Кыргыз телерадиокомпаниясынын Академиялык симфониялык оркестрине көркөм жетекчи жана башкы дирижер болуп иштеп келген. Эл баатыры наамын 2003-жылы 23-январда алган.
8. АБСАМАТ МАСАЛИЕВ - мамлекеттик жана коомдук ишмер. Абсамат Масалиев кыргызстандыктардын эсинде тазалыгы, жупунулугу менен калды. Анын мамлекеттик-партиялык ишмердүүлүгүнүн туу чокусу СССР кыйрап бараткан мезгилге туш келди. СССРдин доорунун бүтүп баратышы менен анын мамлекет башындагы кызмат доору бүтүп баратканын туйган Абсамат Масалиев 1990-жылы президенттик шайлоодо иш жүзүндө жеңгенине карабай, бийликти өткөрүп берген.
Абсамат Масалиев кыргызстандыктардын эсинде тазалыгы, жупунулугу менен калды. Анын мамлекеттик-партиялык ишмердүүлүгүнүн туу чокусу СССР кыйрап бараткан мезгилге туш келди. СССРдин доорунун бүтүп баратышы менен анын мамлекет башындагы кызмат доору бүтүп баратканын туйган Абсамат Масалиев 1990-жылы президенттик шайлоодо иш жүзүндө жеңгенине карабай, бийликти өткөрүп берген.
9. КУРМАНБЕК АРЫКОВ – монтажник. "Нарынгидроэнергострой" акционердик коомунун болот жана темир-бетон конструкцияларынын монтажниги, Нарын ГЭСтеги комплекст бригаданын башчысы. Кыргызстандагы 6 ГЭСтин курулушунда иштеген.
10. МАМБЕТ МАМАКЕЕВ - көрүнүктүү хирург, коомдук ишмер. Таланттуу хирург, профессор, КММАнын госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы. Мамбет Мамакеевич Кыргызстанда токтоосуз хирургиянын өнүгүшүнө жол салган. Дарыгер өзүнүн 85 жаш курагына карабай бүгүн да ишин улантып, анын жыл сайын жасаган операциялары 250гө жетет. Ал дүйнөдө эмгек жолун улантып жаткан эң кары хирургдардын бири болуп саналат.
Таланттуу хирург, профессор, КММАнын госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы. Мамбет Мамакеевич Кыргызстанда токтоосуз хирургиянын өнүгүшүнө жол салган. Дарыгер өзүнүн 85 жаш курагына карабай бүгүн да ишин улантып, анын жыл сайын жасаган операциялары 250гө жетет. Ал дүйнөдө эмгек жолун улантып жаткан эң кары хирургдардын бири болуп саналат.
11. СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ – акын. Сүйүнбай Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган "Жылдыздарга саякат" поэмасында чеберчилик менен пайдаланган. 2000-жылы кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын "Алтын көпир" аттуу Эл аралык сыйлыгы берилген.
Сүйүнбай Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган "Жылдыздарга саякат" поэмасында чеберчилик менен пайдаланган. 2000-жылы кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын "Алтын көпир" аттуу Эл аралык сыйлыгы берилген.
12. СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ - Ата Мекендик согуштун ардагери. 1950-жылы алгачкы "Эмгек күүсү" аттуу ыр жыйнагы басмадан чыккандан кийин, акындын дагы 30дан ашык китеби өз эне тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Ырлары казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдерине жана башка чет тилдерине да которулуп чыгат. Жусуев өзү да чебер котормочулук менен Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Шевченко, Абай, Мактымкули, Исаакян, Омар Хайам, Маяковский, Есенин, Гамзатов, Кулиев сыяктуу бир топ акындардын чыгармаларын кыргыз окурмандарына тартуулаган.
1950-жылы алгачкы "Эмгек күүсү" аттуу ыр жыйнагы басмадан чыккандан кийин, акындын дагы 30дан ашык китеби өз эне тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Ырлары казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдерине жана башка чет тилдерине да которулуп чыгат. Жусуев өзү да чебер котормочулук менен Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Шевченко, Абай, Мактымкули, Исаакян, Омар Хайам, Маяковский, Есенин, Гамзатов, Кулиев сыяктуу бир топ акындардын чыгармаларын кыргыз окурмандарына тартуулаган.
13. ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ - Кыргыз Эл жазуучусу. “Сынган кылычтын” романынын автору. Анын миң толкуп жазган “Сынган кылыч” романы кыргыз элинин эс тутумуна ошол Совет доорундагы расмий идеологиялык алкакка сыйбаган бир тарыхый чындыкты кайра кайтарды. Ал – Кокон хандыгынын тарыхындагы Фергана кыргыздары менен кыпчактарынын жигердүү жана жетекчи саясий ролу тууралуу факт болчу.
“Сынган кылычтын” романынын автору. Анын миң толкуп жазган “Сынган кылыч” романы кыргыз элинин эс тутумуна ошол Совет доорундагы расмий идеологиялык алкакка сыйбаган бир тарыхый чындыкты кайра кайтарды. Ал – Кокон хандыгынын тарыхындагы Фергана кыргыздары менен кыпчактарынын жигердүү жана жетекчи саясий ролу тууралуу факт болчу.
14. ЭРНИС АКРАМОВ - белгилүү хирург, коомдук ишмер. Атактуу хирург, профессор жана Кыргызстандын баатыры, өзүнүн катаал мүнөзү менен белгилүү. Акрамов Чүй облустук оорукананын хирургиялык бөлүмүн жетектейт. Узак жылдык эмгек жолунда миңдеген адамдын өмүрүн сактап, азыр да ал жолунан кайтпай келет.
Атактуу хирург, профессор жана Кыргызстандын баатыры, өзүнүн катаал мүнөзү менен белгилүү. Акрамов Чүй облустук оорукананын хирургиялык бөлүмүн жетектейт. Узак жылдык эмгек жолунда миңдеген адамдын өмүрүн сактап, азыр да ал жолунан кайтпай келет.
15. КУЛИЙПА КОНДУЧАЛОВА - мамлекеттик жана коомдук ишмер
16. ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ - кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер. Трибунадан чыркыраган чындыкты айтып, бийликти сестентип турду. Кумтөр кенине байланыштуу 2004-жылкы парламенттик талкуулардын биринде сүйлөгөн сөзүн: “Кайран гана эл! Кайран гана мамлекет! Кайран гана мурдуңа бок сүйкөлгөн кыргыздар! Дагы тарткылыгың алдыда экен. Белиңди бекем бууп, чыдагын, өзүндүн зөөкүр уулдарыңа, өзүңдүн зөөкүр кыздарыңа!” деп аяктаган. Коомдук-саясий, маданий ишмер Дооронбек Садырбаев 2008-жылдын 28-майында 69 жашында дарт тийип, дүйнө салды. Маркумга көзү өткөндөн кийин Кыргыз эл баатыры мамлекеттик наам ыйгарылган.
17. ИСХАК РАЗЗАКОВ - партиялык жана мамлекеттик ишмер. Ал 1945-жылы Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-жылдан 1961-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Ага чейин Өзбекстанда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген.
18. АЛИЯСБЕК АЛЫМКУЛОВ - экс-министр
19. БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВ - драматург
20. МИТАЛИН МАМЫТОВ - нейрохирург
21. ТАШТАНБЕК АКМАТОВ - фермер, мамлекеттик жана коомдук ишмер
22. ЖУСУП МАМАЙ - манасчы.
23. АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ - КРнын экс президенти.

24.Кулатов Төрөбай, партиялык жана мамлекеттик ишмер

25. Ибраимов Султан, партиялык жана мамлекеттик ишмер

26. Шамшиев Болот, кинорежиссер

27. Шеримкулов Медеткан, партиялык жана мамлекеттик ишмер

29. Ташиев Камчыбек, УКМК жетекчиси.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости