www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Семёнов-Тянь-Шанский" чокусунан чет өлкөлүк жаран изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкү алдынан чет өлкөлүк жаранды издөөгө КДМБнын "Эдельвейс" кошуунунан 5 куткаруучу чыгып кетишкен.

Алар чокунун түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдыйтан өйдө карай издөө иштерин жүргүзүшмөкчү.

Куткаруу тобу Семёнов чокусунан “Хижина Наукага” түнөккө калышат.

Эске салсак, "Семёнов — Тянь-Шанский" чокусуна 14-июлда 34 жаштагы К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары билдиришкен. Бул жаранды издөө КДМБнын "Эдельвейс" тоодо куткаруу кошууну тарабынан тынымсыз изделип келген.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости