www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапон премьери Абэ Орусияга жан тартып турган, ал өлтүрүлгөн соң, кийинки премьерлер Кошмо Штаттарга жагалданып турбаса болбосун түшүнүштү. Кытай менен Орусия ортосунда келишим түзүлүп, АКШ кийинки премьер Кисиданы Украинага жөнөттү. Кисида Зеленскийге кашыкты белекке берди. Бул күрүчтөн жасалган «сямодзи» тамагын салтка айланткан жей турган кашык эле. Көп жапон жоокерлери орус-жапон жана жапон - кытай согуштарында ушундай кашык менен тамактанушчу. Демек Кисида Орусияга да, Кытайга да тийишип жаткан кербези экен.

Кыргызстан болсо Жапония менен сый мамиледе. Кыргызстан Жапонияга эмгек мигранттарды жөнөтүүгө кызыктар. Бул тууралуу эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки мырза менен жолугушууда билдирди.: «Президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын алкагында «Миграциялык процесстерди жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» биздин министрлик эл аралык эмгек рыногун диверсификациялоого багытталган чараларды көрүп жатат. Министрлик аркылуу жарандар Түштүк Кореяга, Улуу Британияга, Перс булуңундагы өлкөлөргө барып иштей алышат.

Учурда Кыргызстандын 700дөн ашык жараны Жапонияда иштөө үчүн окуудан өтүштү, биз сиздер менен Жапонияда жарандарыбыздын ишке орношуусуна шарт түзүүгө салым кошууну көздөп жатабыз. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын “Эмгектин ордуна азык-түлүк” долбоорун да колдооңузга үмүттөнөбүз”, — деп билдирди министр Кудайберген Базарбаев. Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки Жапонияга чет өлкөдөн адистерди тартуу керектигин белгиледи.

Орусияга кол созгондордун бири Япониянын атып өлтүрүлгөн  премьер-министри  Синдзо Абэ болгон. Дүйнөлүк экинчи согушта Япония АКШга тынчтык бербей, Тынч океандардан америкалыктарды жайлап турган. 1945- жылы августта АКШ тарап жеңишке жетишкен соң Хиросима жана Нагасаки шаарларына атом бомбасын ыргытат. Ошол бойдон Японияны кул сымал эмне десе ошону аткарган роботуна айлантат. Японияны үстүртөн АКШ башкарып калган. Бир гана экс-премьер-министр Синдзо Абэ АКШга баш бербей Орусия менен жакындашып, ал эмес Түштүк Курилде жайгашып согуштун жыйынтыгы менен Орусияга карап кеткен Итуруп, Кунашир, Шикотан аралдарын кечип жиберген. Япониянын императору Англия королевасы сыяктуу саясатка кийлигише албайт, анын аракети Конституция тарабынан катуу чектелген. Өлкөнү башкарууну парламенттен жеңип келген премьер –министр көздөйт.

Henley Passport Index Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) маалыматтарын колдонуп, тизмени түзөт. Америкалык Consumer Reports журналынын талдоочулары дүйнөдөгү эң ишенимдүү автоунааларды чыгарган бренддердин рейтингин түзүштү. Ага ылайык, япондордун Мазда компаниясы мүмкүн болгон 100 упайдан 83 упай алып, алдыга чыкты. Эксперттердин айтымында, эң ишенимдүү моделдер: MX-5 Miata, CX-30, CX-3.

Рейтингде экинчи орунду Toyota бренди ээлеген (74 упай). Эксперттер Prius, Corolla жана Prius Prime үлгүлөрүн айырмалашат.

Ошондой эле, алдыңкы үчтүккө 71 упай менен Lexus да кирген. Мындан сырткары, алдыңкы ондукка Buick, Honda, Hyundai, Ram, Subaru, Porsche жана Dodge сыяктуу унаа өндүрүүчүлөр кирген. Рейтинг 330 миң айдоочунун өткөн жылы унааларында болгон көйгөйлөрдү изилдөөчүлөргө айтып бергендигине негизделген

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости