www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караса көзгө илинбей, кайда экени билинбей кеткен Кожобек Рыспаев деген "кубулма" Кыргызстан Улуттук Электр тармагында директорлор кеңешинин төрагасы болуп көздөн далдоо жылуу коңулда күн кечирип жүргөн учуру. 

Кайсы бийлик болсун "көлдөлөң" болуп төшөлүп, колтугуна кирип кетчү өнөрү жерге калтырбаптыр. Акыры Садыр Жапаровдун дагы бийлигине жагыптыр. 

Кезинде Феликс Куловдун этегин кармап "Ар намыс" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп, саясатка аралашып, өзү айтмакчы "элита" болуп чыкты. Анан Феликс Куловдон оомат кеткенде Алмазбек Атамбаевге кошомат кылып СДПКдан депутат болду. Атамбаев бийликтен кеткенде, аны жамандап Сооронбай Жээнбековду чачпагын көтөрө койду. Ал бийликтен куулган соң, минтип Жапаровдун этегине эрмеше койгон тура. 

Көнгөн адат калабы дегендей эртең башканын колуна суу куюп жүргөн болот. Ушундайларды эле эмнеге жармаштырып алышат. Булардын тартып турган магнити барбы? 

Жогорку Кеңештин депутаты болгон эки чакырылыштан бери артынан деги эле жакшы сөз айтылган жок эле. Аны өзү деле моюнуна алып: «Мени ээрчиген ыплас сөздөргө түшүнүү менен туруштук бердим» - деп каңырык түтөткөн жайы бар. 

Ырасында, чындап элдик адам болсо чеке жылыткан сөз укпай, өзү айткандай жалаң сын сөздөргө чулганып, ар дайым жеме угуп келбейт эле да?..

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости