www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бирөөнө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп калба»-деп коёт. Атамбаевдик коррупцияланган бийликке таянып алган Акылбек Жапаров өзүнүн атаандаштарына ор казгандын методикасын терең өздөштүрүп алган. 2007-жылы Түндүк менен Түштүктүн ортосунда от чыгып кетпесин деп, оппозиция менен бийликтин ортосуна көпүрө болуп өкмөт башчысына келген Алмазбек Атамбаевди Акылбек Жапаров менен Темир Сариев экөө «Бир байдын журтун эки чычкан талашыптыр»-дегендей Атамбаевдин кызматын талашып, аны көрө алышкан эмес. Негизи бул орунду Жапаров үмтөтүп турган. Ошондуктан Атамбаевдин иштешине тоскоолдук кылып, бийликке сөз ташып турган.

Жапаров экономика министри катары алдыга анализ берип туруш керек эле. Бирок, Атамбаевди элге жаман көрсөтүп өкмөт башчысынан түшүрүш үчүн бийликтин пешкасына айланып, дүйнөлүк кризиске шылтоолоп базарда баанын барын коррупциялык жол менен көтөрүп, Атамбаевди өкмөт башчысынан кетиришкен соң, бааны кайра түшүрүп коюшкан. Атамбаев премьер-министр болгондо, ошондой тоскоолдукка карабастан эгемендүү Кыргызстанда биринчи жолу профициттүү бюджетти кабыл алган.

 Көп деле киши биле бербейт Атамбаевдин ордуна премьер-министрликке Акылбек Жапаровду дайындоо жөнүндө Указ даяр болуп, президенттин кол койгону гана калган. Жапаров акең указды майлап таң аткыча дос-тааныштары менен дардалаңдап, шишип көөп кечигип жетип келсе, андан мурун президентке кирип кеткен түшүп бараткан премьер Алмазбек Атамбаев аны Жапаров ордунан козгогонун түшүнүп: Жапаровдун амбициясы ажыдардай экенин,сарбагыш экенин,  эртең эле сатып кетерин эскертип кетет. Коркуп кеткен президент Указын тытып, убактылуу премьер-министрликтин милдетин аткаруучу кылып Искендербек Айдаралиевди дайындайт. Ошентип Атамбаевге терең ор казган Акылбек Жапаров, өзү казган орго өзү түшүп калат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости