www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Совет маалында 60-70-жылдары Кыргызстанда апийим айдала турган, аны дары алыш үчүн эгип келген. Бирок, ал кездеги токмаарек эл үчүн апийимдин айдалышы коркунуч туудурган эмес. Аскар Акаев президент кезинде 90-жылдары Кыргызстанга апийим айдасак экономикабыз көтөрүлөт дегендер чыккан. Бирок, ал кезде СССРден бөлүнүп, алсыз турган Кыргызстанда апийим айдай турган болсо, ааламдагы наркомафиянын каптап кетүү коркунучу бар эле. Муну канатташ Ооганстан далилдеди.

Учурда Ооганстанда апийимден миллиарддаган доллар пайда түшүп, ал жер тынч эмес. Кара куурайга келели, Казакстан, Орусия, Түркия, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттер жакынкы аралыкта кара куурайды өстүрүүгө багыт алып жатышат. Өзбекстан массалык түрдө кара куурай майын өндүрө баштады. Өзбекстандын Сырдарыя областында биотехнологиялык өндүрүштүк агрокомплекстин талааларында республикадагы биринчи кара куурай майы көрсөтүлдү. Бул продукциялар азыртадан эле чет өлкөдөн сатып алууга даяр. Өзбекстанда муздак пресстелген кара куурай майынын алгачкы өндүрүшү тамак-ашка колдонула турганы белгиленди. Бул продуктта психоактивдүү THC кошулмасы жок жана Америка Кошмо Штаттары, Кытай, Өзбекстан, Германия, Швейцария, Орусия жана Бириккен Араб Эмираттарынын лабораторияларында тамак-ашка колдонуу үчүн көптөн бери тастыкталган.

Ошол эле учурда кара куурайдын айдалган талаалары да баңгизат катары каралбайт, анткени андан баңги зат өндүрүү мүмкүн эмес. Ошол эле учурда ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу куюлгандан баштап таңгакталганга чейин саатына 1,5 миң бөтөлкө майды түзөт. Продукцияны таңгактоо ылдамдыгы саатына 3 миң бөтөлкө. Кара куурай майы – кара куурайдын жемиштеринен биринчи муздак пресстөө менен алынган өсүмдүк майы. 3:1 оптималдуу катышта омега-6 жана омега-3 май кислоталарын, ошондой эле сейрек кездешүүчү омега-9дарды камтыйт. Жыгач прессте басылган май поликаныкпаган май кислоталарына эң бай. Тамак-аш даярдоодо жана тамактандырууда кеңири колдонулат.

Түркия президенти Эрдоган кара куурай айдоо үчүн бет алды. Ошондуктан, бир кезде парламентте көтөрүлгөн маселени туура кабыл алып, тиешелүү жерлерибизди жапайы чөпкө бастырбай, кара куурай айдап, мамлекетке тапшыра турган болсок, ишибиз дагы, чөнтөгүбүздө акчабыз дагы болот эле. Биринчиден,эгер Жапаров жеңин түрүнүп, ушул ишке кирише турган болсо, кара куурай жакырланып турган элибизге көптөгөн жумушчу орундарын түзүп берип, жакырчылыктан кутулууга мүмкүнчүлүк бермек. Биздин жарандар кара куурайдын чарбалык багыттагы атайын сортун өстүрүү менен киреше табышмак. Экинчиден, кара куурайдан онкологиялык, хирургиялык оорулардан жапа чеккен оорулууларга керектүү дарыларга кошулмалар алынат. Кара куурайдын майы элдик медицинада ал жогорку дем алуу органдарынын, теринин, муундардын (ревматоиддик артрит), өттүн (холециститтин) гормоналдык бузулуулары, иммунитетинин төмөндөшү жана кургак учуктун инфекциялык жана сезгенүү ооруларын дарылоодо колдонулат.

Кара куурай майы астма жана дем алуу жолдорунун инфекциясы менен күрөшүүгө жардам берет. Ага бронхит, пневмония жана кургак учук менен ооругандарга пайдалануу сунушталат. Кара куурайдан жаш балдарга күнүмдүк жашоодогу биз жеген май кылып чыгарса болот. Ал майдын курамында бул витаминдер: А, В1, В2, В3, В6, С, D, и Е витаминдер. Ошондой эле Омега-3, Омега-6 кислоталарынын алса дагы болот. Бул азыркы биздин ден-соолугубузга эң керектүү витаминдер болуп саналат. Кара куурайдан сүт алса болот. Мисалга, Е, В12, D витаминдер, ошондой эле курамында темир заты бар.

Үчүнчүдөн, кээ бир зарыл буюмдар кара куурайдан чыгарылат. Кара куурайдан жасалган аркан эң бышык аркан болот. Туздуу сууда дагы чирибейт, чаң дагы баспайт. Үйгө керектүү мебель, ДВП, паркет, кебез, ламинат жана ошондой эле үйдүн сыртына, же ичине фасад кылса, эч качан суук дагы, ысык дагы өткөрбөйт.

Төртүнчүдөн, ашканада кара куурай майы – күн карамадан алынган май сыяктуу, биологиялык баалуулугу жогору уникалдуу диетикалык продукт. Анын курамында адамдын ден-соолугуна пайдалуу азыктар көп. Алардын пропорциялары тең салмактуу, ошондуктан организм аларды оңой сиңирип алат.

Бешинчиден, кара куурайдан кагаз жасалат. Биринчи доллар, инжил сыяктуу эң кымбат болгон кагаздар кара куурай кагазынан жасалган. Көп жылдан бери турган төрт гектар токойду кыркып кагаз жасагандан көрө, бир гектар жерге кара куурайды эксе, төрт гектар токойдон алган кагазды, бир гектар кара куурайдан бир сезондо алса болот.

Алтынчыдан, мунайзаты жок Кыргызстанда кара куурайдан күйүүчү май алса болот. Биодизель, этанол-метанол сыяктуу. Жетинчиден, кара куурайдан бет май чыгарса болот. Кара куурайдан жасалган май, адамдын жүзүнө, терисине жагымдуу, витаминдүү, ошондой эле адамдын тырышын азайтат экен. Азыркы убакта бул майды дүйнөдө "Cannaderm" - деген Чех компаниясы чыгарат. Суроо - талап өтө көп, кымбат баада сатылат экен. Кара куурайдан шампунь, мылтыктын дарысын жасап чыгарса болот экен. Кара куурайдан алынган майлардан түрлүү косметикалык керм майлар чыгарылат.

Сегизинчиден, кийим-кече кылса да болот. Кара куурайдан жасалган кийимдер дүйнөдө эң кымбат болгон Adidas, Naik, Rebook сыяктуу таанымал берендер азыр кымбат кара куурайдан тигилген кийимдерди чыгарып жатышат. Ошондой эле кара куурайдан жасалган кийимдер адамдын денесине жагымдуу болот. Бышыктыгы 40-50 жылга чейин чыдайт. Түсүн дагы жоготпойт экен. Кара куурайдан тигилген батиңке бышык болот. Мындан “памперс” жасаса болот. Болгондо да балдарга келечегине зыяны жок “памперс” болот, деги эле наристелердин терисине жагымдуу, зыяны жок. Түркиянын президенти Эрдоган дагы кара куурай эккиле деп жеке ишкерлерге сунуш кылды. Эгерде биз өз учурунда кара куурай маселесин чечип, колго албасак дагы эле башка мамлекеттерден импорттоп алуу муктаждыгы келип чыгат дагы, кайра эле карызга бата беребиз.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости