www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадырбаев уулуна өкүл ата кылып өнөктөшү Сапар Исаковду коюптур. Деги Кадырбаев ким? Оппозициянын башкы командачыларынын бири Мелис Мырзакматов да бийликтин кыйтырлуу зордук-зомбулугунан Ош мэрин садага чаап, бул адилетсиздикке күйүп, бийликтин сазайын беребиз деп турган элди таратып жатып: “Биз жеңилдик, бирок эс алып келип, кийин бийликтин сазайын беребиз” – деген. Мындан туура 210 жыл мурун, 1812-жылдын күзүндө орус армиясынын башкы командачысы фельдмаршал Михаил Кутузов Москваны Наполеондун армиясына таштап кетип жатып: “Москваны алдыруу, Орусиянын жеңилиши эмес, Орусиянын жери кенен, эртең биз француздардын сазайын беребиз” - деп,кайрылып келип, Наполеондун таш-талканын чыгарган... Үндөшүп турабы? Ооба, убакыт келди, мындай убакытты ким кандай баалайт?

Дайыма Жантөрө мырзанын жетегинде жүргөн бул “куурчак” эми өз алдынча башкарууга деле жарай алган жок. Анткени, “кукловоду” Жантөрө Сатыбалдиев ал кезде Бишкекте өкмөт башчысы болуп отурган. Болбосо, 2007-жылы Жантөрө Сатыбалдиев Дооронбек Садырбаев айткандай: “Мен миң ирет митингге чыксам да, бийлик бригадирликти да бербейт, Жантөрө бир жолу митингге чыкты эле, бийлик губернаторлукту берди”- дегендей Ош облусуна губернатор болгону аз келгенсип бүткүл Түштүк элине президенттин атайын өкүлү болуп турганда, ушул “куурчагын” орун басар кылып алган. Ал мезгилдеги экөөнүн былыктары элдин оозунда. Кийин Сатыбалдиев терисин тескери жамынып Ош-Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын жетекчиси болгондо баягы эле “куурчагы” Айтмамат Кадырбаев орун басар болуп жүргөн.

Саясий кызыкчылык үчүн Мелис Мырзакматовдой досун сатып эми мэрге көчүк басаары менен, Мырзакматовдун кадрларын куйруктарына “пистон” тага баштаган. Ош шаарынын Мырзакматовдон кийинки мэри Айтмамат Кадырбаев Мырзакматовдон илинчек табыш үчүн эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча мурунку мэрдин ишин сынга ала баштаган. Ошко, мурдуң кайсы десе, сөөмөйүн көрсөткөн, жетелеме, ээрчиме, оома Айтмаматты мэр кылганы ИНТЕЛЛЕНГЕНТҮҮЛҮККӨ жаткан эмес. Акыл дегенден алты күн кеч төрөлгөн алаңгазар, дабдыр Айтмамат"Мелисти, кылкылдаган эл колдойт экен, баки саясатчыга ушунакай тагдыр каалаймын, укмуш иштептир, ушунусун улантам" деп далдаңдап чыкты.

Дагы уялбай дос элем дейт, достукка кыянаттык кылып, бийликке көчүгүн такап, достуктун ариетин бузган буга окшогон итибайды достуктун тузу урсун. Айтмамат Мелистин Ош шаарын алдынкы шаарлардын бирине айлантайын деген жакшы оюна каршы иштеген, Ош элине каршы иштеген. Оштогу эң жакшы долбоор менен көрктүү болгон көпүрө курулуп калса, шаарыбыздын көркүнө дагы көрк кошулат деп эл сүйүнүп турганда, ал мыйзамсыз, бул мыйзамсыз деп Мелисти чукулап турду. Ал Мелистей болуп эл үчүн иштей алган жок, себеби сени "хоп, ляппай " деп кызмат кылсын деп АША жана анын командасы, мыйзамдарды бузуп, зордук-зомбулук менен эптештирип дайындап коюшкан. Айтмамат Кадырбаев мэр шайлоо боюнча видео тасманы көрүп, кайсы бети менен мэр болуп шайландым деп басып жүрдү. АША аны пайдаланылган тряпка катары ыргытып жиберди. ажеп эмес, себеби ал ошого татыктуу экенин алар дагы билип калышкан, себеби сен өз досун, анан дагы Ош элин сатып кеткен.

Кадырбаев "ПРОБНИК" да көпкө жетпей эле кеткен, эч ким Мырзакматов менен чыкканга духу жетпей атканда ага не уйронуп калгансын го бир проба кылып корбойсунбу деп койушкан да. Атамбаев өзүнүн жеке амбицияларын канааттандырыш үчүн эле эл ʏчʏн иштеп жаткан Мелис Мырзакматовду Ош мэринен «жыдытып», Сочиге жылт койгон. Ал эми суук кʏчѳп, ѳзбек тарап газ берʏʏнʏ азайтып, Ош шаарынын калкы сууктан ʏшʏп-шишигенде Сочиде жыргап жʏргѳн Атамбаевге кошуп, Ош кеӊешинин бийликке сатылып кеткен депутаттарын каргап олтурушар эле.

«Койчуну таягынан, келинди аягынан» - дейт, ал эми Мырзакматовдун ордун бийликтин кʏчʏ менен тартып алган «новоиспеченный» мэрдин каягынан экени белгисиз. Анын жетекчилик кызматы баштала элек жатып эл сууктан беймаза боло баштаган. «Төө кыядан өттү». Ал кезде Ош шаарынын тургундарынын атамбаевдик бийликке эмне кереги бар? Ош мэри Айтмамат Кадырбаев жыйырмадан ашык кызмат адамын бошотуп, жаңыларын кызматка алып, бир гана кадр саясаты менен жана да өрүлүктөп келгендерден колу бошочу эмес. Ал кезде Ошто миңден ашык үй бүлѳ кѳп күндѳн бери суусу жок, кыштын кыраан чилдесинде кѳрүнгѳн жерден суу ташып кыйналышкан. Демократический, Московский, Любимый, Ленинградский кѳчѳлѳрүндѳ кѳп күндѳн бери суу жок, ал эми тийиштүү кызматтар жакында суу болоорун убада кылганы менен ал убадалар аткарылган эмес. Ош тургундарына “Кой үстүндө торгой жумурткалайт” - деген убадаларды кат-кат бердирип жаткан Айтмамат Кадырбаев кылтыйып жүрө турган. Кыштын кыраан чилдесинде суусу жок олтурушкан оштун калкы Айтмамат Кадырбаев үчүн чуркагандарга эмес, Айтмамат Кадырбаевдин дал ѳзүнѳ наалат айта баштаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости