www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Жапаровдун он эки апостолу кимдер?

Ар бир бийликти айланчыктап он эки апостоль, же он эки бийликке таасирдүү адамдар жүрүшөт. Бул Иусус Христостон калган.

Иусус Христос

 Акылбек Жапаров

Бийликтин «акырынан» «жем жеген» «арзыматтар» кимдерди гана Иусус Христос кылбады. Акаевди кудайга теңеп, кемпирин «Богиняга» теңешти. Атамбаевди Көкө теңир кылышты. Эми алар Жапаровдун бут алдына келишип Иусус Христоско теңеп турушат. Акылбек мырза ак көңүл адам, «Ак көңүлдүн аты арыбайт». Ал кылым мурун аялзаты болуп жаралганда эркектин көңүлүн кыя албай, жыл сайын кош бойлуу болуп жүрүп кыргыздын санын көбөйтүп бермек беле? Эми ордо оюунун катыра үйрөнгөндөрдүн жетегинде калабы, же өз жолун табабы, бул аны жандап жүргөн он эки «апостолуна» көз каранды.

1.Ыйык Петр

КАСЫМАЛИЕВ Адылбек

«Көрбөс төөнү да көрбөйт»-деп кыргыздар бекеринен айтпаса керек.Минкабда иштеп жатканына аз убакыт болгонуна карабастан, маңдайына келип кошоматтанып, көзү жокто иштеген ишин жамандаган айгакчылар эмитеден анын ата-тегин, таяке-тайын чукулап, кетиребиз деп айың чыгарып атышат. Кыргыздар эл үчүн иштей албайбыз да, эл үчүн иштеп жаткан адамдарды көрө албайбыз. КАСЫМАЛИЕВ Адылбек эл үчүн иштесе майын чыгармак, бирок ал капчыгы үчүн иштейт.

2. Иоаков

Эдил БАЙСАЛОВ

Сымаптай болуп кылтылдаган Эдил БАЙСАЛОВ эки жылдан бери жанын баккандан башка элге эч деле жакшылык кылган жок. «Көк байтал минген сергексийт, көгүчкөн аткан мергенсийт»-дегендей, көлөкөгө карап тон бычкан Эдил БАЙСАЛОВ, айранын ичип кутулуп кете берет, анын челегин жалагандар тутулуп кала берет. Мурункуларын тереңдеп изилдеп көрсө Эдил БАЙСАЛОВ деле НПОдо жүрүп, жыргатып ийген жок. Кылт эткен бирдеме болсо чоң ызы-чууга айлантчу. Андай чоң ызы-чуу бир эле күндө, революция болгондон кийин жаралган жок. Ал Атамбаевдин убагында эле быкшып, түтөп жаткан, шылтоого шынаа табылып Жээнбековдунубагында жалбыртап күйүп кетти. 3.Симон Зилот

 Текебаев Тилек,министр

Текебай аксакалдын акылдуу баласы болгон, Германияда жүрсө керек. Анын иниси мыкты чыкмалардын бири эле. Үчүнчүсү болсо – Текебаев Тилек. Демек же ашыкча акылдуу же орус жомогунда Иванушка-дурачок, кыргыз жомогунда Кемчонтой. Кемчонтой дейлик десек жарашпай турат, ал эми акылы ашкандар Атамбаевдин убагында анын таманын жалап жүрүштү. Текебаев Тилек алдырарда жаздырар болуп Атамбаев кетер алдында ага ыктап туруп алды. Ошону менен кашыктап жыйган аптыракатын чөмүчтөп чачып жиберди. Эми ашыра акылдуу Акылбек төрө менен ресторанда «Ким тамак көп ичет?»- деген номинациянын алдында мелдешкен соргок министрлердин катарында жүрөт.

4.Филипп

Бакыт ТӨРӨБАЕВ

 «Өз көмөчүнө күл тарткан жактан» Бакыт ТӨРӨБАЕВге эч ким жетпейт. «Коюндан төгүлсө кончко»-деп, атасынын ордун баласы ээлеп, атасынын кошоматка кой сойгон өнөрүн жазбай тартып, ким президент болсо деле улагасында жүрүшөт. «Коркок миң өлөт»-дегендей эл башына күн түшүп атканда коңулда жаткан Бакыт ТӨРӨБАЕВ «Котур ташын койнуна салып» жаңы бийликке жылып келди. Башкаларды өзөртө коюп вице-премьер-министрликке жетти. «Көпкөн киши басышынан байкалат»-дегендей эми дардалаңдап басып калды.

5. Иоанн

Каныбек ТУМАНБАЕВ

 «Көгөөндөн бий койсо, көзүңдү оюп жейт»-дегендей, Атамбаев-Илмияновдун мусор-таштандыларында конуп-учуп жүрчү таштандычы чымындар азыркы бийликке да учуп келип коно баштады. Алардын чоңурагы, көгөөнү Каныбек ТУМАНБАЕВ, калгандары экинчи эшалондогу кызматтарда. Францияда он сегизинчи кылымдарда мындай адамдарды эшафотко алып барышчу. Бизде болсо Атамбаев менен Жээнбековдун дардаңпоздорун эшалондон жогорку эшалонго көтөрүп үлкөн кызматтарга алып келип атышат. Эшалон менен эшафоттун айырмасын деле билбей калдык.

6. Андрей

Ибраев Таалайбек, министр

Жапаровдун өзүнө бир берилген адам болсо, ал хандай иштеп, бийче жашаган Ибраев Таалайбек. Жапаров өйдө болсо өбөк болуп, ылдый түшсө жөлөк болуп келген Ибраев Таалайбек, ал президент болгон күндө да кадырын салып катта мансапка жутунган жок. Эртең кубаланып кетсе да, кубаланбай кетсе да Ибраев Таалайбек Жапаров менен бирге кетет. Жалжаңдап А.Жапаровго окшоп, ким бийликке келсе сары ооз балапандай оозун ачпайт.

7.Варфоломей

Иманов, министр

Иманын акчага арнаган көлдүк Иманов мамлекеттик кызматта иштебей туруп министрге келген. Өзүнүн эмгек жолу Ширшовдун «шопурунан», өзүнүн мурунку боссу Ширшовду көкөлөткөндөн башка иш деле келген. Жок. Бирок кыргыз коомчулугу Ширшовдун коррупциялык схемаларын аныктап, анын кармалышын талап кылган. Учурда Ширшов камакта иштери аныкталып жатат: Менин ордумдагылардыкы бир буту тамакта, бир буту камакта...- дейт сан министрине келген "Түшкө чейин Иман, түштөн кийин Иван" Иманов.

8.Фаина

Баатырова Гулнара, министр

Анатомиялык белгилер менен айтканда өпкөсү тубаса калдайып чоң. Географиялык-генетикалык шарт ошондой. Министр абалында кекиртеги да «Безразмерный» чоюлуп баратат, андан тышкары албетте, карды да акча каражаты үчүн көлөмдүү.

9 Фаддей

Аскар ЖАНЫБЕКОВ, министр

 Үй жаныбарларына паспорт алып койдук, Акылбек Жапаров мактап койсо курт-кумурскадан өйдө паспорттоштуруп койом.-дейт. Айыл чарбасы, кыргыз элинин кѳпчʏлʏгʏ жашаган элет жери «ѳгѳй эне кѳрʏнѳ барып кол кезейт» - дегендей, ѳгѳйлѳнʏп келатат

10. Иаков

Жээнбек КУЛУБАЕВ, министр

«Өтүкчүнү хан кылса деле, өтүгүн жамайт»-дегендей обончу Жунусовду вице-премьер, министр кылса деле баягы «шут» бойдон калат. Ал дипломатияга тиши өтпөгөнү менен сахнага тиши өтөт экен, «шуттугу» менен шугулданып, ТИМге «сталиндик тартип кийирип», ал тартипке баш ийбегендерди репрессиялаганы туру. Андан тышкары шилекей алышкан досу Жээнбеков менен достугун сотка менен үзүп, «Жапаровдун «братишкалары» барбы?»- деп издеп жүргөндөгү кербези.

11.Матвей

Данияр АМАНГЕЛДИЕВ, экономика министри

«Чык татытпас Чыныбай» Данияр АМАНГЕЛДИЕВ Акүйдү Атамбаевдин тушунда да, Жээнбековдун тушунда да акмалаганын таштаган жок. «Чайкоочунун» деңгээлиндеги Данияр АМАНГЕЛДИЕВди бүгүн «саясий чайкоочуга» айланган кербези.

12. Иуда БАКЕТАЕВ Алмаз, министр

 Өз кожоюндарын сатып кеткен Иудалар кайсы мезгилде болсо да бар. Атамбаев деген болгон, ал мезгилде ага элдин мүлкүн тартып алып, жардын кырына такай турган, буржуйлар элдин мүлкүн мүлжүп, миллиондорду жей турган экономикалык мыйзамдарды «Кортук кочкор кой бузат, куйту адам эл бузат»-дегендей элдин жашоосун бузуп, БАКЕТАЕВ Алмаз жазып берген. Аны сатып көз ачып жумгуча кеткен. Жээнбековдун убагында өзү жазган мыйзамдарды ишке ашырып, өзү элдин мүлкүн мойсоду.Аны да сатып кеткен. Эми деле жүрөт кыпчылып. Жардын кырына кептелген жакыр адамдар Акаевдин тушунда Акаевдин, Бакиевдин тушунда Бакиевдин жамгырдан кийинки козу карындай жабырап чыккан гезит-журналдарга сүрөттөрүн, туалетке барганда айрып алып колдонгондон башка аргабыз жок эле. Бүгүнкү күнү президенттин эмес Жапаровдун сүрөттөрү жабалактай баштады. «Көп жойлогон куу түлкү колго түшпөй койчу эмес»-дегендей жойлогонун канча жойлосо дагы, колго түшпөгөн мындай такымдардын жок дегенде туалетке барганда гезиттин бетин бербеген сүрөтүн колдонуп туралы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Ввод

Сб

Последние новости