www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районунда кызды өлтүрдү деп айыпталгандардын өз жанын кыйган фактысы боюнча материалдар ИИМдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн саат 1.50дөр чамасында Ош шаарындагы СИЗО-5 камерасынан айыпталуучулардын жансыз денелери табылган.

«Ш.М. жана У. уулу С. мекеменин камерасында асынып алган. Факты катталып, жаза аткаруу кызматы текшерилүүдө. Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин шалаакылык фактысы боюнча материалдар да атайын прокуратура тарабынан каттоого алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, айыпталуучулардын денесинде жаракаттар жок. Үчүнчүсү, жашы жете элек, Жалал-Абад облусундагы кайтаруу абагында, төртүнчүсү түштүк борбордогу №5 СИЗОдо кармалууда», — деди Сирожиддин Камолидинов.

Эске салсак, Кадамжай районунун тургундары мектеп окуучусун зордуктап, өлтүргөн деп шектелүүдө. Сөөк Ноогардан айылына жакын жерде жайгашкан тоннелден табылганын жергиликтүү тургундар милицияга билдиришкен. Кыздын денесинде зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости