www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жетигендин жети мыктысы: Чокморов, гемодиализ аппараттары

 Гемодиализ аппараты эми өзүбүздө болуп калды. К.Самаков да өткөндө Жапонияга барганда: “Бул кымбат баалуу аппараттан онду чечип бериңиздер” деген экен. Жогорку сапаттуу, кымбат баалуу мындай аппаратты дүйнөгө атагы чыккан жапондук “Токушюкай Медикал Корпорейшн” корпорациясы чыгарат. Учурунда Карганбек Самаковду ушул корпорациянын президенти Торао Токуда кабыл алып, бул аппаратты чечип берген. Кыргызстандык төрт медицина кызматкери Жапонияга барып, ушул аппаратты иштеткенди окуп-үйрөнүп, гемодиализ аппаратын алып келишкен. Муну менен Карганбек Самаков бөйрөк оорусу менен ооругандардын алкышына татыктуу болгон.

 Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган.Үй-бүлөдө 7 бир тууган болгон, ал, үч байкеси жана үч эжеси. Кичинекей чагында катуу ооруган. Ошол үчүн спорт менен машыга баштаган. Кыргызстан жана Ленинград тандалма волейбол тайпасында ойногон. Ошол эле учурда живописке кызыгып кеткен. Мектептен кийин Ленинград Көркөм Академиясына тапшырган, 1964-жылы бүтүргөн. Окууну бүтүргөндөн кийин Фрунзе Көркөм окуу жайында сабак берген. 1967-жылы СССРдин Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү болуп калган. Киного 1969-жылы келген. Биринчи ролу «Караш ашуудагы атыш» тасмасында башкы каармандын ролун аткарган. Актёр тарыхый тасмаларда («Жетинчи ок», «Дерсу Узала») жана бүгүнкү күндөгү маселени көтөргөн тасмаларда («Кызыл Алма») роль аткарган. Көбүнчө кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган көркөм-тасмаларда роль аткарган. 1981-жылы Чокморов СССРдин эл артисти наамын алган. Биздин мамлекетте бөйрөк оорусунан катуу жапа чегип, гемодиализ аппаратына муктаж болгондордун саны арбып баратат. Кан тазалай турган гемодиализ аппараты арзан баада сатып келе койчу аппараттардан эмес. Кыргыз таланты Сүймөнкул Чокморов ушул аппаратка муктаж болуп Москвага барып дарыланып келчү.1992-жылы Бишкек шаарында 53 жаш курагында көпкө созулган оор оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

Турар «Оттон өскөн кызыл гүл» эле

Турар заманынын мыкты акынынын бири болгон. Эсимде 80-чи жылдары Турар Кожомбердиев менен Жолон Мамытов биз окуган институтта чыгармачыл кечесин өткөрүшкөн. Мен аларга арнап ыр окуганда жаш баладай ыкшып күлүп, кечеси бүткөн соң чакырып алып батасын берген. Турар Кожомбердиев Жайыл районундагы Сары-Булак кыштагында 1941-жылы туулган.1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрөт. 1965–1966-жж. «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер, 1969-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1976-жылдан Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин аппаратында иштеген. Кожомбердиевдин чыгармачылык жолу 1959-жылы «Мугалимдер газетасына» жарыяланган «Мугалимге» аттуу биринчи ыры менен башталган. Ошондон тартып анын ыр, поэмалары газета-журналдардын беттерине басыла баштайт.Кожомбердиев республикабыздын бир нече жолку поэтикалык конкурстарынын жеңүүчүсү. Алгачкы ырлар жыйнагы 1961-жылы «Көлчүктөгү ай» деген ат менен жарык көргөн.Андан кийин «Оттон өскөн кызыл гүл» жана башка көптөгөн китептердин автору болгон.

Акындын балдар үчүн жазылган китептеринин айрымдары Москвалык басмалардан жарык көргөн. Анын айрым ырлары орус, украин, казак, белорус, молдован, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас жана француз, англис тилдерине которулган.Кожомбердиевдин 70тен ашуун ырларына обон жазылган.1970-жылы Турар Кожомбердиевге «Кызыл алма» жана «Таңкы симфония» аттуу ырлар жыйнагы үчүн республикабыздын Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган.

Каскадер Үсөн Кудайбергенов

Үсөн Кудайбергенов 1949-жылы 27-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепте билим алып жүргөн кезинде эле борбор калаада жаңы ачылган цирктеги чабандестердин катарына кошулат. Кийин Москвадагы Кинематография институтунда билим алып, тасмаларга тартыла баштаган. Жаш талант 19 жашында «Жамийла» көркөм тасмасына кооптуу эпизодду аткарып тартылган. Андан соң Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Италия, Франция, Германия Россия, АКШ жана Индия өлкөлөрүнүн тасмаларына актер, каскадер катары катышкан. Кудайбергенов 1980-жылдардын башында «Генийдин өспүрүм кези» фильминде Сыр-Дарыяга 27 метр бийиктен аты менен секирип дүйнөлүк деңгээлде таанылган. Ал трюгу менен Кыргызстандан биринчилерден болуп Гиннес китебине кирген.

Үсөн Кудайбергенов менен чогуу иштешкен кесиптештери каскадер айтканынан кайтпаган, баштаган ишин таштабай, бекем тартипти туу туткан инсан болгонун эскерет. Кайра куруу жылдарында Борбор Азияда биринчи жолу Каскадерлор ассоциациясын негиздеген. Ал өзүнүн кесипкөйлүгүнүн аркасында чет элдик киночулар менен киностудияларды Кыргызстанга алып келип, түрдүү долбоорлорду ишке ашырган. Мындан сырткары, ал кыргыз каскадерлорун тарбиялап башын бириктирген. «Актер чыгармачылык дегенде ичкен ашын жерге коюп, эч кимден жардамын аябаган адам болгон» деп замандаштары эскерет. Эч нерседен тайманбаган Кудайбергенов өлкө эгемендик алып, калк башынан оор кыйынчылыктарды өткөрүп жаткан маалда элине бел болгон. Ал «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүүгө жигердүү катышкан. 1999-жылдагы Баткен окуясында өзүнүн чогуу иштеген балдары менен чек арачыларга жардам берип, 2005-жылдын март айындагы Бишкектеги башаламандык маалында элдик кошуун түзүп талап-тоноолорго каршы туруп, стратегиялык объектилерди коргоо ишинин башында турган.

1995-жылы өлкөдө «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы белгиленип, ал чоң иш-чаралар менен коштолгон. Анда Үсөн Кудайбергеновго чабандестерди даярдоо милдети жүктөлгөн. Каскадер эки миллион сомго ат алып, атайын команда чогултуп даярдык көргөн. Бир нече жыл өткөндөн кийин 2000-жылы ага каражатты сарамжалдуу колдонгон эмес деген кине коюлуп, эки жылга соттолуп кеткен. Өзүнүн чыгармачылыгында Голливуд, Россиянын Каскадерлор ассоциациясынын атайын мүчөсү, Кыргызстандын Панкратион федерациясынын президенти болгонго жетишкен. Ал кесибин 30 жылдан ашык аркалап дүйнөгө таанымал Ричард Тайсон, Марк Дакаскос жана Эрик Норрис менен иштешип, бир катар белгилүү киностудиялар менен кызматташып, 300дөн ашык тасмага катышкан.

Жеке жашоосунда Кудайбергенов эки жолу үй-бүлө курган. Алгач Күлүйпа Кондучалованын жалгыз кызына бош кошуп, жубайлар бир кыздуу болушкан. Ошол кездеги Кыргыз ССРинин маданият министри жаш жубайларга Фрунзе шаарынан үч бөлмөлүү батир алып берген. Бирок Үсөн жубайы менен түтүн булатуудан баш тартып, өз алдынча тиричилик жүргүзө турганын айткан. Экинчи жолу өзбекстандык актриса Альмира Исмаиловага үйлөнүп эки уулдуу болгон.Үсөн Кудайбергенов 55 жашында белгисиз адамдар тарабынан өз үйүндө атып өлтүрүлгөн. Артында калган эки уулу менен келинчеги чет өлкөгө чыгып кеткен. Укук коргоо кызматкерлери адам өмүрүн алган кылмыштын бетин ача алган эмес. Айрым маалыматтар боюнча, ал ишкерлерден мыйзамсыз акча доолаган кылмыштуу топко каршы чыгып, алардын курмандыгына айланганы айтылат.

Арстанбек Дүйшеев

Арстанбек Дүйшеев аты айтып тургандай арстандын арстаны эле.  Султан Ибраимов менен бир мезгилде бир катар иштеген Арстанбек Дүйшеев ал Жогорку Советтин президиумунун төрагасынан  Министрлер Советинин төрагасына кеткенде ордун ээлеген, кийин Султан Ибраимовдун көзү өткөндө Арстанбек Дүйшеев Министрлер Советинин төрагасына  келет. Салмоорбек Акиев согушту өз көзү менен көрүп, бийик советтик, мамлекеттик кызматтарда жүрдү. Ал Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитетинде жооптуу уюштуруучу болуп жүргөндө, ошол мезгилде аталгандай Тянь-Шань облусунда куратор болуп калат. Ал мезгилде обкомдо бул кызматта иштеп тургандар менен кеңешпей бир да кызматты дайындай алышчу эмес. Салмоорбек аксакал Тянь-Шань облусунда  пленумдарга, чоң-чоң маанилүү жыйындарга катышып дайыма кадрларга көз салып турган. Ошол мезгилде Жумгал райкомунун үчүнчү секретары Арстанбек Дүйшеевге көзү түшүп калат. Анда Жумгалдын райкомун Садыр Базаров жетектөөчү экен. Согуштан кийин кадрлар жетишсиз, мындай тың кадрды дароо мактап Борбордук Комитетке жеткизет. Ал жактан туура көрүшүп, дароо БКга анын катарына жооптуу уюштуруучу кылып алат. Андан соң Ош облусуна бир районго жетекчи болот. Акыры Кыргызстандагы эң күчтүү кызмат Жогорку Советтин президиуму менен Министрлер Советин тейлеп калат.  

Арстанбек Дүйшеев мамлекеттик ишмер катары Жогорку Советтин президиумунун төрагасы, азыркыча спикер, Министрлер Советинин төрагасы, премьер-министр кызматка чейин жетсе, Карыбек Тыналиев облус жетекчилигине чейин жетишкен мыкты адамдар болушкан. Булардай эл үчүн ичкен ашын жерге коюп иштеген мыкты жетекчилер эми табылбайт. Ошол мезгилдеги аны менен институтта чогуу окуган теңтуштары Кадыракун Базарбаев, Карыбек Тыналиевдер өмүр боюу карым-катнашта жүрүштү. Кийин Арстанбек балдарына Кадыракун, Карыбек деп ат койсо, Кадыракун балдарына Арстанбек, Карыбек деп, Карыбек да балдарына алардын атын коюп жүрүштү. Учурда Карыбек Дүйшеев Конституциялык сотту жетектеп турат.

Арстанбек Дүйшеевдин атагы алыска кетип, Кыргызстандагы “эки тизгин бир чылбырды” колуна алган, экинин бири эле. Союз убагында министр болуш үчүн көп электен өтүп болушкан да. Азыркыдай кантип болсун, уктап атсаң, уйкуңан ойготуп туруп алып барып министр кылып коёт. Жыргап уктай бер эми дешип, ал уйкусунан ойгонгуча эле министрден түшүп калат. Компартиянын элегинен өтүш үчүн аурасы таза, иш дегенде уйкусу качкан, адамкерчиликтүү, тунук акылы бар адамдар тандалчу. Ал эми өкмөт башына, спикерликке мыктынын мыктысы тандалар эле.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Последние новости