www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-сентябрда Ош облусунун Араван районунун Чек-Абад айылдык аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кара-Багыш» өткөрмө бекети ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Чек ара бекетинин ачылыш аземине Ош облусунун биринчи орун басары Уристем Манапов, Андижан облусунун губернатору Шухратбек Абдурахманов, Араван районунун акими Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү тургундар катышкан.

«Акыркы он жылдан ашуун мезгилде жабык болгон бул чек ара бекети эки өлкөнүн башчыларынын тапшырмасы негизинде ачылып, Андижан облусунун Мархамат району менен Ош облусунун Араван районунун үзүлүп калган карым-катнашы кайрадан жандангандыгына эки өлкөнүн жергиликтүү тургундары кубанып турат», — деп айтылат маалыматта.

Ачылыш аземине келген конокторго чакан концерттик программа уюштурулган.

Чек ара өткөрмө бекети бүгүнтөн тарта атайын түзүлгөн графиктин негизинде иш алып барат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости