www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Каттани» деген арт жагынан санаганда биринчи орунда келаткан саясатчы бар. «Бакылдаган текени суу кечкенде көрөлү» дегендей, ал бакылдоочу болсо ракета менен космоско сызып кетет. Бирок шайлоодо 886 добуш алып, акыркы орундарды гана камсыз кылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынан Бишкек шаарынын Ленин районунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоону өткөрүүгө бюджеттен канча каражат кеткенин маалымдашты. Ошентип, аталган бир мандаттуу шайлоо округунан ЖК депутатын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө чыгымдардын сметасына ылайык, 18 млн 636,5 миң сом бөлүнүп, анын ичинен 15 млн 413,9 миң сому чыгымдалды. Пайдаланылбай калган каражат 3 млн 222,6 миң сомду түздү.

Шайлоо 28-майда өттү. Алдын ала маалымат боюнча, Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо Дамира Ниязалиева жеңип чыккан. Бирок 29-майда БШК Дамира Ниязалиева тарабынан шайлоочулардын добушун сатып алуу мүмкүндүгү тууралуу билдирүү түшкөнүн маалымдаган. Кийин бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети добуш сатып алуу факты боюнча талапкер Улан Сариевге кылмыш ишин козголгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин району боюнча депутаттыкка талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берет. Бул тууралуу комиссиянын жыйынында белгилүү болду. Жумуш тобунун жетекчиси Искендер Гаипкулов БШК 32 талапкерди каттаганын, алардан шайлоо күрөөсү катары 3,2 миллион сом түшкөнүн маалымдады. Ал шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылса, бардык талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилээрин түшүндүрдү.

Азамат Медеров менен Асылбек Кадралиев буга чейин шайлоого катышуудан баш тарткандыктан 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн кайтарып берилген. Бактыбек Мураталиевге шайлоо күрөөсү кайтарылбайт, ал бюллетень бекитилгенден кийин гана арызын кайтарып алган. Ошондой эле, БШК каттоосун жокко чыгарган талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарып берилбейт.

БШК Бишкектеги Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим БШКнын жумуш тобунун сунушу менен комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Дамира Ниязалиев добуш сатып алууга айыпталгандыкта, анын жеңиши жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган. Буга Сариевдин үгүт маалында шайлоо фондунан сырткары башка булактардан 25 миң сом колдонгону себеп болгон. Бул округ боюнча кайра шайлоо азырынча расмий түрдө жарыялана элек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости