www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун социалдык комитеттин жыйынында сүйлөгөн сөзү көз жаздымда калбайт. Мындай пикирин бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.
Анын айтымында, Байсалов тууралуу өкмөт төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп, катуу талаптарды коюп, эскертүүлөрдү берген.
"Эгерде дагы ушундай көрүнүш кайталана турган болсо, тагыраак айтканда, вице-премьер мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлигинин ортосуна чоң жарака кетирип, ойлонулбаган, жоопкерчиликсиз сөздөрдү сүйлөсө сөзсүз тартип жоопкерчилигине тартылыш керек", - деди төрага.
Ошондой эле, ал бул маселе боюнча президент Садыр Жапаров менен да сүйлөшөөрүн белгилеп өттү.
"Урматтуу депутаттар, эч качан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары же болбосо кабминдин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин дарегине жана аброюна шек келтирүүгө укугу жок. Ага жол бербейбиз. Экинчиден, ар ким өз ишин татыктуу аткаруу керек. Жогорку Кеңештин өкмөткө талаптарды коюп, анын аткарылышын сураганга толук Конституциялык укугу бар жана анын негизинде иш алып барабыз. Бир вице-премьердин өйдө-ылдый, ойлонулбаган сөздөрү үчүн жалпы коомчулукта башкача түшүнүк болбошу керек", - деди Шакиев.
Ал бийлик бутактары ортосунда тирешүү же жарака жакшылыкка алып барбайт деп баса белгиледи. Андан сырткары, Эдил Байсаловдун кызмат орду боюнча маселени караганга убакыт келгенин билдирди.
Булак: NazarNews.kg