www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-жылы өлкөдө жолдорду оңдоп-түзөөгө жана курууга 6 миллиард сом каралган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
"Бул жылы тармактык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттен 6 миллиард сомдон ашуун каражат каралды. Жылдын аягына чейин республика боюнча 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылган, алар 587 чакырым – асфальт төшөө, 178 чакырым – жолду бодурлоо (ШПО) жана 90 чакырым – шагыл иштери жүргүзүлөт", - дейт төраганын орун басары.
Бакыт Төрөбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 бирдик атайын техниканы тапшырып жатып министрлер кабинети жол тармагын динамикалуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg