www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки жылдан бери Конституциялык реформага ылайык, президенттик башкаруу системасы иштеп жатат. 
Баарына президент жоопкер. Ошол эле кезде кыбыр эткен баардык маселе президенттин чечимине көз каранды. Президенттин макулдугусуз иш жүрбөйт. 

Мына ушул маселени Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарына көзгө сайып көрсөттү. 

Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Эдил Байсаловдун депутаттарга карата, "силер эч ким эмессиңер, эч нерсе чечпейсиңер, биздин ишке президент гана баасын берет, элдин атынан сүйлөбөй эле койгула, элдин атынан президент сүйлөйт" деген өңүттө ачуу сын айтып, акаарат келтирди. 

Ырасында, президенттик башкаруу ушундай болот. Байсалов президент дайындаган Кабмин мүчөсү катары, бир гана президенттин алдында жоопкерчиликтүү. Жогорку Кеңеш буга таасир эте албайт. Алар болгону президенттин нотариалдык конторасынын гана милдетин аткарып калышканы качан? Ага миң жолу чычалашкан менен эч нерсе өзгөрбөйт. Депутаттар өздөрү ошондой башкаруу системасын колдогон. Эми түштөн кийин министрлер тоготпой жатышат дешип көз жаштарын көлдөтүп муңканышса да, ай талаада калган ач карышкырдай улушса да колдорунан эч нерсе келбейт. 

Мына ушул ачуу чындыкты Эдил Байсалов ачык беттерине ташка тамга баскандай ачык айтты. Эми бүгүлүп, жүгүнүп кошомат кыла беришсин. Башка сөз болушу мүмкүн эмес. 

Эгер, ар-намыстан куржалак калган эмеспиз дешсе, эрктери жетсе, аткаруу бийлигине болгон нааразычылыктарын коркпой президент Садыр Жапаровго айтышсын. Ошондо адилеттик болот. Себеби, "өлкөдөгү жакшы-жаман баарына өзүм керт башым менен жооп берем" деген. Башкы мыйзам боюнча да ошондой. 

Анан президентке өлкөдөгү кемчиликтерди ооз ачып айта алышпай эле, калп эле элге шоу көрсөтүп, упай алуу максатында "чабактарга" асылып, аңкылдай беришкенинен майнап чыкмак беле?..

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости