www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күн каякта болсо да артынан ээрчип тиктеген күн карамалар бар. Учурда күн Тагай бийдин тукумдарынын колунда. Бири мамлекет башчысы болсо, экинчиси өкмөт башчы. Өкмөт башчысын алмаштыруунун мөөнөтү келген го. Эмитен эле Тагай бийдин маалыматчы тукумдары ачуу кыйкырык сала баштады: «Эмне үчүн өкмөт башчы Жалал-Абаддан болсо, спикер Нурлан Шакиев да Жалал-Абаддан болот. Спикерди тезинен алмаштыруу керек» дешип. Чындыгы, өкмөт башчы алмаша элек.
.6-кылымда Улуу кыргыз каганаты бөлүнүп кетет. Улуу каганатта майдаланган кыргыз, түргөш, кимак, карлук, огуз, хазар деген мамлекеттер пайда болот. Бул мезгилде кыпчактар, казактардын ата-теги Сибирдин түштүгүндө ал кезде албуут саналган кыргыздардын кол алдында тынч жашап турган. Байыркы кыргыздар кол алдындагыларды маданиятка жетелеп, кайрадан Кыргыз улуу дөөлөтүн калыбына келтирүү үчүн 800-жылдары кыргыз уруу башчылары катуу согуштарга барып турган. Жыйынтыгында алар Кытайдын чектерине чейин жетип 8 миллион квадрат километр жерди ээлеп, кийинки Алтын Ордодон көп жерди ээлеп калган.
Бирок, биримдик көпкө узаган жок, алардан Монголия бөлүнүп кетет, анткени кыргыздардын тың чыкмалары кландык күрөшкө чыгышат. Бул жерде Чынгызхандын пайда болушу картаны толугу менен өзгөрткөн. Алар көчмөндөрдү аралаштырып, азыркы жаңы элдердин чыгышына түрткү болгон. Азыркы казак элдеринин чыгышы түздөн-түз Чынгызхандын уулу Жоочу тиешелүү. Согуштук карьерасынын башталышында Жоочу кыргыз кландарына каршы аттанат. Кыргыздар башка элдерге караганда Чынгызханга баш ийбей көтөрүлүшкө чыгып турган. Ошондуктан Чынгызхан кыргыздарды ар кай жакка көчүрүп, мурунку кландык бирикменин биримдигин жок кылып турган.
Казактар түрк элдеринин кыпчак тамырына кирет, ал эми кыргыздар алтай тамырына. Булар байыркы заманда эле бири-бири менен алыстаганы менен казактар Улуу кыргыз дөөлөтүнө киришип, андан кийин Чыңгызхан империясына киришип тынч жашап турушкан. Жоочунун тукумдары казактар жашаган жерлерге көбүрөөк басым кылышып, монголдор көбүрөөк аралашкан. Монголдордон тараган тукумдарды ак сөөк дешип, казак, кыпчактардан тараган элдерди кара сөөк деп калышкан. Кыргыздар монголдорду аралаштырган эмес. Тагай бийдин убагында моголдорго бир гана ушул аймактардан кыргыздар бийлик берген эмес. Казактардын башаты 1465-жылдан Чыңгызхандын тукуму Жаныбек, Керей хандардан башталат. Чыңгызхандын тукумдары ак сөөк монголдор казакташып Ак Ордону курушкан. Эсептеп отурсак Чыңгызхандын тукумдары эле 3 миллиондон ашыптыр, муну генетиктер эсептешкен. Кийин Жаныбек хан 1470 - жылдары Абдулхаирдан казактарды бөлүп, үч жүздүн башын, төртүнчү жүз кылып кыргыздарды кошмок. Бирок кыргыздар айбат көрсөтүшүп Жаныбек ханга кошулган эмес. Эгер кыргыздар айбат көрсөтпөгөндө төртүнчү жүз болуп казакташып кетмекпиз.
1470-жылдары Кокон менен Маргалаң калааларына танапташ Ийри-Суу, Былпылдак деген жерде, же Ошко жакын Сары-Бел тоосундагы көк өтөктүү колотто Тагай төрөлгөн. Адигине, Тагай, Муңгуш үч бир тууган болуп, алардын Наалы ысымдуу эжеси бар эле. Элдин максаты кыргыздарды бириктирүү жана ошол заман шартында ѳз алдынча кыргыз мамлекеттигин түзүү болгон. Тагай бий азыркы Кыргызстандын аймагында жашаган кыргыз урууларынын "оӊ" жана "сол" канаттарын биринчи болуп бириктирип, бекемдеген.Тагай агасы Адигине экөө эр жеткенден баштап жигит жыйып кол курап, эрегишкен душманды кыргыз жерине жолотпой, жоонун жолун торошот, алыскы аймактарга көптөгөн жортуулдарды уюштурушат.
1500–жылдары Моголстандын борбору Ысык-Көлдө болгон. 1500-жылдары кыргыздар Энесайдан Тянь-Шанга көчүп келе баштаган. Тагай бийге энчи бөлүштүргөндө Алайдан Анжиянга чейинки чоң аймак Адигине бийге тийип, Анжияндан ары Наманган, Кетмен-Төбө тараптагы тоолуу жерлер Тагай бийдин энчисине өткөн. Болжолу 1505-1510-жылдардын аралыгында анын карамагындагы төрт түлүк малы абдан арбыгандыктан жери тарыган айылдар жаңы жайытка карап адегенде Кетмен-Төбө менен Тогуз-Торого, кийинчерээк ары түндүккө Чүй, Нарын, Ысык-Көлдү көздөй көчө башташат. Тагай бий 1508-жылы ак кийизге салынып,Чынгыз хандын тукуму болбосо да хан болгон. Тагай исламдын туусун бийик кѳтѳрүп, ага Мухаммед Кыргыз деген ысым ыйгарылган. Ала -Тоодо кыргыздардын өз алдынча мамлекети калыптана баштаганы анык. Аны алгачкы жылдарда Чыңгыз хандан калган эски салтка ылайык чынгызид-ханзадаалар Ахмед хан (Алача хан, 1484-1504) андан соң Султан Халил (кыргыздардын падышасы, 1504-1508) башкарган. Кыргыздар милдеттүү түрдө монгол ханзаадаларынан хан көтөрүүнү токтотуп, бул өңүттөгү эски салтты бузуп, алысты көрө билген көсөм, акылман кеменгер жол башчы Тагай бийди өздөрүнүн өкүмдары жарыялашат. Кыргыздар XV кылымда Теңир Тоонун калкынын басымдуу көпчүлүк бөлүгүн түзүп калган болчу. Андыктан Тагай бийден тартып алар мекендеген Ала Тоо аймагы Кыргыз жергеси деген атка конот. Ал мезгилде кыргыздар өз алдынчалыгын сактап калуу үчүн күрөшүн уланткан. Ошол мезгилде Орто Азияда, Моголстанда жана Дешти-Кыпчакта олуттуу саясий окуялар болуп өткөн.
Алтын Ордонун чыгыш тарабындагы көчмөн уруулар Өзбек хандын атынан улам «Өзбек» деген ат менен белгилүү болушкан. Казакстандын батыш тарабында калааларда жашаган көчмөн өзбектердин ордолору Амир Темир негиздеген мамлекеттин алсыраганынан пайдаланып, ага кол салып, толук ээлеп алышкан. Шейбани хандын колун түзгөн көчмөн өзбектер Амир Темирдин урпактарынан бийликти тартып алган. Тагай бийден тартып, Ала-Тоонун аймагы Кыргызстан катары туруктуу саясий-мамлекеттик аталышка ээ боло баштаган. Ушул мезгилден баштап кыргыздардын уруу башчылары моголдорго баш ийбей, иш жүзүндө өз аймагын башкарууну өз колдоруна ала башташкан.. Бул мезгилде моголдордун бир бөлүгү кыргыздардын курамына кирип, калганы Кашкар, Аксу, Чалыш (Карашаар), Турфан аймагына сүрүлгөн эле.
1510-жылдан тартып кыргыздар Моголстанда бир дагы моголдун жашоосуна мүмкүнчүлүк бербей калышкан.1510-1512 жылдарда Могол ханы Ахмед хандын мураскору Мансур хандын жана Кашкардын акими Абу Бекр Дуглаттын Ысык-Көлгө жортуулдары убактылуу токтогон кезде кыргыз уруулары мында бул жакка туш тараптан агылып келишип ички биримдигин чыңдаган жана 1514-жылга карата Ысык-Көл өрөөнүндөгү өтө кубаттуу күчкө ээ элге айланган.Тагай бий 1514-жылдан тартып тарыхый булактарда көбүрөөк атала баштайт. Ал Ала - Тоолуу Ата Журттун көз каранды эместигин, элинин эгемен эркиндигин алыс, жакындагы баскынчы жоодон коргоого көп күч жумшады. Анан калса түздөн-түз анын кийлигишүүсү, чечкиндүү колдоо көрсөтүүсү аркасында гана могол ханзадаасы Султан Саид Чыгыш Түркстандагы ата-бабасынын ордо шаары - Ак-Сууну ээлеп, хандык такты менен таажыны тартып алган.
Тагай бий баш аягы отуз жылдан ашуун 1500-1533-жылдарга чейин Ала -Тоодо жаңыдан кайра калыбына келе баштаган кыргыз мамлекетин башкарып турду. Анын ордосу касиеттүү Ысык-Көлдүн тескейинде, Барскоон суусунун этегиндеги кең өрөөн-көк жайыкта орун алган. Тагай бийдин бийлик белгиси алтын айчык туу, төбөсү бийик Кызыл манат менен тышталган суусар тебетей жана кызыл кымкап чепкен (чапан), Кызыл булгары өтүк, алтын тогоо, күмүш чегерилген кемер кур болгон. Ошол опурталдуу учурда Орто Азия менен Чыгыш Түркстанда өкүм сүргөн оомалуу-төкмөлүү өтө татаал саясый кырдаалда Тагай бий өзүн абдан такшалган мыкты саясатчы, чыгаан мамлекеттик ишмер жана кылдат дипломат катары көрсөтө алган.
1517-жылы кузундо Саид хан баштаган могол аскерлери Тагай бийдин Ысык - Кѳлдүн тескей жагындагы Барскоон аттуу жерде жайгашкан ордосуна кол салган. Кыргыз башчысы туткунга алынып, беш жыл Кашгарда туткунда жатып, кайрадан Мекенине бошонуп келген. Тагай орто жаштан өтүп калганда 60 жашында, болжолу 1517-жылдарда Эреше ханга ак үйлүүгө барган. 1524-жылы Тагай бийди кайрадан колго түшүрүп, Ала- Тоодон алыс Кашгарга жѳнѳткѳн да, ал жакта кыргыз башчысы абакта 10 жыл жаткандан кийин, 1533-жылы каза тапкан. Мухаммед Кыргыз ѳз элим эриктүү болсо деп тилеп, ѳз алдынча кыргыз мамлекетин түзгѳн биздин улуу бабаларыбыздын катарына кирет.Тагай бийден Кылжыр, Богорстон, Жедигер, Кара Чоро, Саяк, Азык,Черик жана башка балдары калган. Кылжырдан Орозбакты, Дѳѳлѳс, азыркы сарбагыш, бугу уруулары, Богорстондон, Эштек андан солто уруусу. Азыркы мезгилде Каракол шаарында Тагай бийге арналган эстелик тургузулган.
1453-жылы 29-майда түрк султаны Мехмед II Константинполду алат. Константинполь Стамбулга айланат, миңдеген алтынга бөлөнгөн храмдар түрк султаны Мехмеддин колуна өтөт. 1492-жылы Колумб Американы ачкан, 1530-1581-жылдары Иван Грозный жашаган. Ал Алтын –Ордонун тамтыгын чыгарган Мамай хандын түпкү теги болгон. Бартольд. В. В көп жылдык тарыхий изилдөөлөргө таянып кыргыздар Тянь-Шанга XV- кылымда көчүп келген деп жазат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg