www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

44.

Карачунак куудулдун Дыйкан болушка айткандарына саресеп салсак. Күндөрдүн биринде Карачунак Токмок шаарына келип уйгур Мамедахун, орус Василий үчөө түшкүсүн тамактанууга ашпозго киришет.

Аңгыча болбой бир ашпозчу:

-Ыстык манты! –деп кыйкырса, экинчи бирөө:

-Орусча бышырылган суюк аш! –деп калат.

Орусча бышырылган суюк ашы, картошка кошуп бышырылган кесме экен.

Кесме менен мантыдан алып, кесмени иче баштаганда бир казак:

-Кымыз сатам, Кара -Коңуздун кымызы, муздак! –деп кыйкырат. Баягы үчөө үч аяк кымыз алышып, тамактарын иче баштайт.Орусча бышырылган суюк кесмени ичип жаткан мезгилде Василий:

-Ох, орустардын кесмеси кандай таттуу. Деги биздин элдей эч бирөө даамдуу оокат жасабайт! –деп мактана баштайт.

Мантыны жеп жатканда Мамедахун:

-Оо, караң, кандака ширин, уйгур элиндей ич адам минтип жасай алмайди! –деп мойнун көтөрүп корозчо койкоктой баштайт.

Кесме ичилип, манты желип бүткөндөн кийин, үчөө кымызды шыңгытып ичип жатканда, Карачунак дагы:

-Оо, бул кымыздын даамын карачы. Кымызды ичкенде адамдын бүткөн боюу жибип, капчыгы чыгат. Бул бойго тараган кан эмеспи. –дейт.

Ошентип, үчөө сөздөн сөз чыгып, кептен кеп чыгып, “тамактын көбүн орус көп жасайт, жок, уйгур көп жасайт” дешсе Карачунак да кем калбай, “кыргыз көп жасайт” –деп талаша кетиптир.Бири –бири түшүнбөгөндөн кийин Карачунак сөз алып:

-Эй, туугандар минтип талаша берсек күн кеч кирет.Ошол үчүн ким тамакты көп жасайт экен санаша койолу, -дейт.

Калган экөө ошого макул болушат. Биринчи кезек Василийге берилет:

-Эмесе сиздер жаңылбай санап тургула, мен санай баштайын, -деп төмөнкүчө санай баштайт: - капуста борщу, картошка кесмеси, макарондон тамак, сүт кесме, котлет, щи –деп санап отуруп, жыйырма түрлүү тамактын атын айтат. Мамедахун башын көтөрүп:

-Эми мен бажарып берем, сизлер якшылап санап туруңлар: шурпа биттасы, манты экитасы, аш үчтасы, лагман төртасы –деп санап отуруп жыйырмага жеткирип салат.

Тигилердин айтканын уккан Карачунак, эми эптеп жеңилбөө аракетин кылып:

-Эмесе, агайындар, сөзгө кулак салгыла, мен сиздерге жармадан жасала турган тамактарды гана санап берейин, -деп санай баштайт.

Мамедахун менен Василий манжаларын ачып, жуумп санап турушат.

Карачунактын санагандары:

-Майга кылган жарма, майы жок жасалган жарма, арпанын жармасы, буудайдын жармасы, жүгөрүнүн жармасы, коноктун жармасы, айран кошкон жарма, май кошпогон жарма, курут кошкон жарма, курут кошпогон жарма, - деп отуруп жалаң жарманын түрүн жыйырмадан ашырат. Жармаларды санап бүткөндөн кийин Карачунак –эми калган эт, сүт, айран, кымызды кошпой эле койойун. Аларды кошкондо элүүдөн ашып кетет, -дейт.

Мамедахун менен Василий Карчунактын айткандарына таң калышып:

  • Чынында эле кыргыздарда тамактын түрлөрү көп турбайбы?- дешип шыпшынышат. Ошентип кыргыздын жармасынын атагын Карачунак көтөрүптүр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости