www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Ак-Ордо конушунда үйү түрттүрүлүп, 4 баласы менен көчөдө калган Марал Шаболотова SUPER.KG порталына окуя боюнча айтып берди.

"Мен бул жерде 4 балам менен 10 жылга жакын убакыттан бери жашайм. Бул жер тилкесин 2012-жылы ишеним кат аркылуу сатып алгам. Ал эми кошунам 2017-жылы аталган жерге мамлекеттик акты чыгартып, кызыл китеп жасатып алган. Ошонун негизинде мени сотко берип, сот анын пайдасына чечим чыгарып берип койгон. Мен жумушта жүрсөм, үйүм бузулуптур. 2 бөлмөлүү ак эмгегибиз менен курган үй эле", - дейт Марал Шаболотова.

Эскерте кетсек, 1-мартта Жогорку Соттун чечимине таянып сот аткаруучулар Марал Шаболотованын үйүн бузган. Ал эми 2018-жылдан бери аны менен жер талашып соттошуп келе жаткан кошунасы Толкун Самудинова жеринин кызыл китеби бар экенин айтып, кошунасы анын жерине үй салып алганын билдирген.

Ал эми бүгүн, 4-мартта бул окуя боюнча маалымат президент Садыр Жапаровго жетип, мамлекет башчы өз көзөмөлүнө алуу менен бирге тийиштүү тапшырмаларды бергени кабарланды. Мыйзам бузган тарап жоопко тартыла тургандыгы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости