www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ереванда ЖККУнун саммити болуп, бул жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чыр чатагы ЖККУнун алкагында каралды. Жүрөктү өйүткөн бул жаңжаал мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде чечилип жатат. Садыр Жапаров Кыргызстан Тажикстан менен чек ара көйгөйүн жаңы жылга чейин бүтүрө турганын айткан. Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө олуттуу жылыштар бар экенин айтты. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко ЖККУ саммитинде билдирген. Ал Еревандагы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын кеңейтилген жыйынында сөз сүйлөдү: "Эмомали Шариповичтин айтканына караганда, Кыргызстандын президенти менен чек ара маселесин сүйлөшүүдө жылыш бар. Эгер биз чыныгы жоопкерчиликтүү уюм болобуз десек, анда бул чыр-чатакты жоюш керек. Биз өз чөйрөбүздө бул маселелерди чечип алдыга жыла албасак, анда колубуздан эмне келет? Ошондуктан бул багытта олуттуу кадамдар жасалышы керек", —деген Лукашенко.

ЖККУ саммитинин жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыр талкууланды. Абалды жөнгө салуу оңой эмес экенин, буга карабастан иштер улантыла берет. Бул тууралуу Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди: "ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы мындай пикир келишпестик, чыр-чатактан арылууга уюмдун саясий эрки жетиштүү. Президенттер аны чечүү керектигин түшүнүп жатат, бирок алдыда оңой эмес жумуштар бар. Аны чечүүгө аракеттер улантыла бермекчи", — деген Песков.

 Ооганстанда кырдаал оор бойдон калууда. Согушкерлеринин ЖККУ өлкөлөрүнүн аймагына кирүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин Еревандагы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында айтты: "Ооганстандагы кырдаал боюнча кеп кылган кесиптештеримдин тынчсыздануусуна кошулам. Абал чынында оор. Ар кандай эл аралык террордук уюмдардын ЖККУ өлкөлөрүнүн аймагына кирүү коркунучу мурдагыдай эле жогору. Борбор Азия мамлекеттеринин калкынын арасында экстремисттик идеологиянын жайылышы аймактагы радикалдык күчтөрдүн активдешүү коркунучун күчөтөт", — деген Путин.

Ал саммитке катышып жаткандарды афган көйгөйү менен биргелешип күрөшүүгө чакырды.

"Ооган маселесинин бардык аспектилери боюнча ЖККУнун алкагында мындан ары да тыгыз байланышта кызматташуу керек деп ойлойбуз. Терроризм, экстремизм жана баңги кылмыштарынын коркунучтарын өз убагында аныктоо үчүн компетенттүү кызматтар аркылуу иштеше берүүнү улантуу зарыл. Анан сөзсүз биргелешкен атайын операциялардын жардамы менен бул коркунучтарды жок кылуу керек", — деген РФ президенти.

Путин Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга көмөк көрсөтө турганын кошумчалаган. Башкы тапшырма — өлкөдө инклюзивдик өкмөт түзүү.

Казакстанда ЖККУнун күчүн колдонуп көрүү тажрыйбасы талданды. Орусия ЖККУ күчтөрүн заманбап курал-жарак менен камсыз кылуу чечимин колдойт. Бул тууралуу президент Владимир Путин Еревандагы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында билдирди:."Казакстанда тынчтыкты орнотуу операциясынын жүрүшүнөн алынган баалуу практикалык тажрыйбаны биз жана уюмдун катчылыгы талдап чыкты. Мындан улам Орусия уюмдун күчтөрүн заманбап курал-жарак, аскердик техника жана атайын техника, каражаттар менен камсыз кылуу чечимин сөзсүз колдойт", — деген Путин.

ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась Ереванда өтүп жаткан саммитте сүйлөп жатып, эгер эки мамлекет туура көрсө, уюм кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салууга жардам бере аларын белгиледи: "Борбордук Азия регионунда кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салууга өзгөчө көңүл бөлөбүз. ЖККУнун эки өлкөгө жардам көрсөтүүгө ресурсу да, тажрыйбасы да жетиштүү", — деди Зась.

Анын айтымында, уюм мындай кадамга Тажикстан менен Кыргызстан зарыл деп эсептесе гана барарын белгиледи. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында такталбаган аймактардан улам байма-бай чыр чыгып келет. Акыркы ирет үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында тажик тарап кол салып, натыйжада Кыргызстан 60ка чукул кишисинен айрылды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

Последние новости