www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева үй-бүлөсү менен Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн борборун “күзгүдөн текшерүүнү” уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Эске салсак, буга чейин Сурабалдиева жакындарынын бизнесине УКМК тарабынан кысым жасалып жатканын билдирген.

Ал комиссиянын курамына депутаттарды жана өкмөт мүчөлөрүн киргизүүнү сунуштоодо.

"Акылбек Үсөнбекович, Камчыбек Ташиев сиздин орун басарыңызбы? Эл арасында айтылган сөздөрдөн кийин, Жогорку Кеңештин бардык депутаттарын кошуп, Сурабалдиевдер менен Ташиевдердин үй-бүлөлөрүнүн кирешесин текшерүүнү даярсызбы? Ошондо көрө жатарбыз салыкты ким төлөйт. Кааласаңыз сизди да текшеребиз. Бул ыйык трибунада кандай гана калптар, шылдыңдар айтылган жок", - деди Сурабалдиева.

Ал эми министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров текшерүүнү салык кызматы жүргүзгөнүн айтты.

"Конституцияга ылайык, депутаттар шайлоочулардын жана өз абийиринин алдында жооп берет", - деди Жапаров.

Сурабалдиева быйыл жайында аны мамлекеттик төңкөрүш жасады деп айыптоого аракет кылышканына нааразы болгон.

"Сизди эки ай издеп жүрсөм, Сурабалдиева Чүйдүн элин чогултуп жатат деп айтыптырсыз. Аудио жазуу бар дешти. Мен аны жарыялоону сунуш кылсам, эч ким жооп берген жок. Эки айдан кийин кайра дагы кысым болду", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости